Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясына даярдыктар башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМарш "Бессмертный полк" в Бишкеке
Марш Бессмертный полк в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта полктун колоннасынын маршруту боюнча болжолдуу макулдашуу жүрүп жатат. Салт болуп калгандай, акциянын катышуучулары Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан өчпөс отко чейин басып барышары пландалууда.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясына даярдыктар башталды. Бул тууралуу кыймылдын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери эстелик медалдары салтанаттуу тапшыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери калганы маалымдалды
Акцияга даярдык иштери боюнча жыйын Бишкек шаардык кеңешинде өттү. Хайбуллинанын айтымында, азыркы тапта полктун колоннасынын маршруту боюнча болжолдуу макулдашуу жүрүп жатат. Акциянын катышуучулары, салт болуп калгандай, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан өчпөс отко чейин басып барышары пландалууда.

Хайбуллина акцияга быйыл "Жеңиш ыктыярчылары" кыймылы да кошуларын айтты. Кыймылдын мүчөлөрү — окуучулар менен студенттер колоннанын жүрүшүн координациялап турушат.

"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россия, Казакстан жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн.

2014-жылдан тарта бул акцияга Бишкек шаары да кошулуп, анда миңге чукул адам согушка катышкан чоң аталарынын сүрөтүн көтөрүп жөө басышкан. 2018-жылы "Өлбөс полкко" 45 миң, 2019-жылы 50 миңге чукул адам чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0