Мамкаттоо дагы эки электрондук кызматты ишке киргизди

© Sputnik / Жоомарт УраимовМККнын электрондук кызматтар
МККнын электрондук кызматтар  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы "Үй-бүлө жана бала" бөлүмүн түзгөн. Ал жактан маалымат алуу үчүн документтердеги (төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк же нике күбөлүгү) маалыматтарды кийирүү жетиштүү.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Электрондук кызматтар боюнча порталга дагы эки сервис кошулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мындан ары portal.srs.kg сайты аркылуу "Балага сүйүнчүнүн" төлөмдөрүн жана нике күбөлүгүнүн аныктыгын текшерүүгө болот.

Текшерүү ишин "Үй-бүлө жана бала" бөлүмүнөн аткарууга болот. Маалымат алуу үчүн документтердеги (төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк же нике күбөлүгү) маалыматтарды кийирүү жетиштүү.

Мамкаттоонун электрондук кызматтар жөнүндөгү порталы — атайын түзүлгөн платформа. Андан унаа тууралуу маалымат, айып пул, каттоо, паспорт алуу сыяктуу бир катар кызматтар көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0