Азык-түлүк менен кызматтардын баасы канчага өсөт. Улуттук банктын божомолу

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүГипермаркетин иш-күнү
Гипермаркетин иш-күнү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 25-февралда, Улуттук банк насыянын эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрдү (0,75 пайызга).

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Быйыл инфляциянын деңгээли 5 пайыздан ашпай турганы божомолдонууда. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Китайское общество обмена золотом и серебром в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктагы алтын валюта запасы 51 млрд. сомго жетти
Февраль айынын орто ченине чейин инфляциянын жылдык деңгээли (2019-жылдын февраль айына салыштырмалуу) 3,9 пайызды түздү. Азык-түлүктүн баасынын жогорулашы жалпы баанын деңгээлине инфляциялык басым жасап жатат.

Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшү дагы деле тышкы экономикалык шарттардан көз каранды. Кыргызстандын соода-сатык жаатындагы негизги өнөктөшү болгон мамлекеттерде экономикалык активдүүлүк сакталып турат.

"Орточо эсеп боюнча бир жылдык инфляция 4,6 пайызды түздү. Ал эми жылдын аягына карата инфляция 5 пайызга чейин болору божомолдонуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук банк сырткы таасирлерди эске алуу менен кредиттин эсептик чен өлчөмүн беш пайызга чейин көтөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0