Профсоюзчулар төраганын отставкасын талап кылып кабинетинде чуу салышты. Видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргызстандын профсоюзчулары митингге чыгып, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылууда
Кыргызстандын профсоюзчулары митингге чыгып, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү төрага кызматта мыйзамсыз отурганын айтат. Бирок ал коюлган дооматтарды четке кагууда.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын профсоюзчулары митингге чыгып, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылууда.

© Sputnik / Эламан КарымшаковУчастники митинга с требованием отставки председателя Федерации профсоюзов КР Мирбека Асанакунова
Кыргызстандын профсоюзчулары митингге чыгып, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандын профсоюзчулары митингге чыгып, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылууда
© Sputnik / Эламан КарымшаковУчастники митинга с требованием отставки председателя Федерации профсоюзов КР Мирбека Асанакунова
Нааразычылык акциясына чыккандар алгач Ак үйдүн алдында туруп, андан соң Профсоюздар үйүнө барып Асанакуновдун кабинетинин эшигин каккылашты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Нааразычылык акциясына чыккандар алгач Ак үйдүн алдында туруп, андан соң Профсоюздар үйүнө барып Асанакуновдун кабинетинин эшигин каккылашты
© Sputnik / Эламан КарымшаковПредседатель Федерации профсоюзов КР Мирбек Асанакунов
Ичине киргенден кийин Мирбек Асанакунов өз версиясын айтып, коюлган дооматтарды четке какты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ичине киргенден кийин Мирбек Асанакунов өз версиясын айтып, коюлган дооматтарды четке какты.
1/3
Кыргызстандын профсоюзчулары митингге чыгып, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылууда
2/3
Нааразычылык акциясына чыккандар алгач Ак үйдүн алдында туруп, андан соң Профсоюздар үйүнө барып Асанакуновдун кабинетинин эшигин каккылашты
3/3
Ичине киргенден кийин Мирбек Асанакунов өз версиясын айтып, коюлган дооматтарды четке какты.

Нааразычылык акциясына чыккандар алгач Ак үйдүн алдында туруп, андан соң Профсоюздар үйүнө барып Асанакуновдун кабинетинин эшигин каккылашты.

"Мирбек Асанакуновдун аялы Гүлкан Молдобекова Жогорку Кеңеште депутат. Ошол аркылуу келип төрага болуп алган. Ишин жакшы билбейт экен. Негизги талабыбыз — Асанакуновду кызматтан кетирүү. Андан соң федерациянын мүчөлөрү иштей турган төраганы шайлап алабыз", — деди федерациянын мүчөсү Рыспек Кадыралиев.

Ошондой эле алар буга чейин Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү Асанакуновду кызматтан алуу чечимин кабыл алганын жүйө келтирип, ал мыйзамсыз отурганын айтышты.

Чогулгандар тобу менен төраганын кабинетине кирүүгө аракет кылышты. Бирок эшикти тосуп турган кишилер аларды бир топко чейин өткөргөн жок. Кырдаалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду. Акырында федерациянын айрым мүчөлөрү менен журналисттерди киргизүү макулдашылды.

Ичине киргенден кийин Мирбек Асанакунов өз версиясын айтып, коюлган дооматтарды четке какты.

"Мени иштен алуу үчүн федерациянын 19 мүчөсү добуш бериши керек. Бирок ал жыйынга 14ү гана катышып, кворум болгон эмес. Булар укуктук талаада чече албай, ушинтип митинг уюштурушууда. Себеби мен кесиптик бирликтердин бюджети ачык айкын болсун деп жатам. Буга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Азыр кыйкырып жаткандар боюнча фактылар бар, мурда жеп-ичип кеткендерди кайра текшерели деп жатам. Жалал-Абад санаторийинен 10 миллион сомду жеп койгондор дале отурат", — деди Асанакунов.

Башын жерге салган профсоюзчулар, ачууланган депутаттар. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башын жерге салган профсоюзчулар, ачууланган депутаттар. Видео
Буга чейин депутаттар кесиптик бирликтердин укуктарын кайрадан ыраатташтыруу үчүн мыйзам долбоорун сунуштап, экинчи окуудан өткөн. Бирок Кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыккан. Бул мыйзам талкууга түшкөндүктөн талдоо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Аталган мыйзамга 1998-жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Сунушталган долбоор кызматкерлердин жаш курагын 65тен ашырбоо, чогулган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0