Абылгазиев чуулуу "Унаа" ишканасын капыстан барып текшерди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВнезапное посещение Мухаммедкалыя Абылгазиева ЦОН-2 Бишкека
Внезапное посещение Мухаммедкалыя Абылгазиева ЦОН-2 Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы мекемеге кирери менен узун кезекке тизилген жарандарды көрүп, алардын даттануусун уккан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Унаа" мамлекеттик ишканасына капыстан барып текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Унаа" мамлекеттик ишканасына капыстан барып текшерди
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Унаа мамлекеттик ишканасына капыстан барып текшерди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Унаа" мамлекеттик ишканасына капыстан барып текшерди
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр мекемеге келгендер менен пикир алышып, сунуштарын жана даттанууларын уккан.
Премьер-министр мекемеге келгендер менен пикир алышып, сунуштарын жана даттанууларын уккан. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Премьер-министр мекемеге келгендер менен пикир алышып, сунуштарын жана даттанууларын уккан.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАлар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам узун кезек түзүлүп жатканын айтышкан.
Алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам узун кезек түзүлүп жатканын айтышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам узун кезек түзүлүп жатканын айтышкан.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОшондой эле өкмөт башчы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунааларга мамлекеттик номерлерди жасоо процесси менен таанышкан.
Ошондой эле өкмөт башчы Инфоком мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунааларга мамлекеттик номерлерди жасоо процесси менен таанышкан. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Ошондой эле өкмөт башчы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунааларга мамлекеттик номерлерди жасоо процесси менен таанышкан.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевНатыйжада ал "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.
Натыйжада ал Унаа мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Натыйжада ал "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.
1/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Унаа" мамлекеттик ишканасына капыстан барып текшерди
2/5
Премьер-министр мекемеге келгендер менен пикир алышып, сунуштарын жана даттанууларын уккан.
3/5
Алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам узун кезек түзүлүп жатканын айтышкан.
4/5
Ошондой эле өкмөт башчы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунааларга мамлекеттик номерлерди жасоо процесси менен таанышкан.
5/5
Натыйжада ал "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Премьер-министр мекемеге келгендер менен пикир алышып, сунуштарын жана даттанууларын уккан. Алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам узун кезек түзүлүп жатканын айтышкан.

"Чындыгында кезек күтүү көпкө созулууда. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн банктык төлөм карталарын колдонуп, накталай эмес төлөм системасын орнотуу зарыл. Имарат ыңгайсыз жана тар. Жөнөкөй эле жарык берилген эмес, коридор караңгы. Азыр көптөр унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп чарчашкан. Бирок мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан автоунааларга мамлекеттик номерлерди жасоо процесси менен таанышкан.

Натыйжада ал "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.

"Унаанын" тарыхы

Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Козубаевдин чуусунан кийин "Унаа" мекемесине жаңы директор дайындалды
2018-жылдын аягында Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жана Унаа каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо департаменти жоюлган. Анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Бул мекеме автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк берет. Биринчи директор Марс Саккараев директор болуп төрт ай иштегенден кийин Аламүдүн районуна аким болуп кеткен. Анын ордуна 2019-жылдын июль айында Алымжан Козубаев келип, жети ай иштеди. Анын алешем иштерин Коопсуздук кеңеши аныктап чыккандан кийин ал кызматтан алынган. Ошондой эле ага карата сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Андан мурдараак Sputnik Кыргызстан агенттиги Козубаевдин кадр маселесинде шек жараткан коррупциялык иштери тууралуу материал даярдаган.

Өткөн жумада "Унаа" мекемесине Марат Пирназаров директор болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0