Төшөк кумарынын жашы өткөн эркекке кандай пайдасы бар. Урологдун сунушу

© Фото / Pixabay / Steve BuissinneТаяк кармап турган карыянын колдору
Таяк кармап турган карыянын колдору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруктуу интимдик жашоосу бар эркектердин 70-73 жашта дагы простата бези нормада болот. Ал эми аялы оорукчан болуп же көзү өтүп кеткен 55-60 жаштагы эркектердин жыныстык саламаттыгы дароо начарлайт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Калининград облусу боюнча урологу Александр Шваб эркек жашы өтүп калган кезде анын ден соолугуна интимдик жашоосу канчалык таасир этерин айтып берди. Бул тууралуу "Комсомольская правда" гезити жазды.

Дарыгердин пикиринде, ден соолугун бекемдегиси келген эркектер 40 жаштан өткөндөн кийин үч күндө бир ирет сүйүктүүсү менен "көңүл ачып" турганы жакшы.

"Туруктуу интимдик жашоосу бар эркектердин 70-73 жашта дагы простата бези нормада болот. Ал эми аялы оорукчан болуп же көзү өтүп кеткен 55-60 жаштагы эркектердин жыныстык саламаттыгы дароо начарлайт, көпчүлүгү урологиялык операцияларга муктаж болуп калат. Андыктан 60-70ке келип калган эркектерде аптасына жок дегенде бир жолу төшөк мамилеси болуп турганы ден соолук үчүн зарыл", — деди Шваб.

Чай куюп жаткан байбчие. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк чай рактын кайсы түрүн алдын алат? Окумуштуулардын изилдөөсү
Медиктин айтымында, дарыгерге кайрылган эркектерди эки топко бөлүп караса болот. Биринчиси, 40 жашка чейинкилер, заара каналдарындагы көйгөйлөр боюнча көп даттанышат. Экинчиси, 40 жаштан өйдө курактагылар, онкологиялык илдетке кабылуудан коркуп кайрылгандар.

"Тилекке каршы, эркектер өзүнүн жыныстык жактан саламаттыгына маани бере беришпейт. Көпчүлүгү оорусу өтүшүп кеткенде, тез жардам автоунаасы менен келишет", — деди дарыгер.

Сөзүнүн аягында ал эркектерди өзүм билемдик менен дарыланбоого, өзгөчө, жарнамадагы каражаттарды медиктин көрсөтмөсү жок ала бербөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0