Жаңы кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Архив

Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Себеби

1516
(жаңыланган 13:37 26.02.2020)
Хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Анда Кыргызстан Филиппин, Малайзия, Кувейт командалары менен ойнойт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 2020-жылкы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө кам көрүү иштерине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Анда Кыргызстан Филиппин, Малайзия, Кувейт командалары менен ойнойт.

"Чемпионат учурунда чет элдик коноктор менен жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо ИИМдин артыкчылыктуу милдеттеринин бири", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү кызматтарга спорттук мелдештер өтчү жайларды карап чыгып, көзөмөлгө алуу тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары, ИИМ жарандардын күтүлбөстүктөрдү алдын алуу боюнча текшерүү иштерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырып, коомдук жайларда күмөн жараткан нерсени байкап калса, дароо жакын жердеги милиция бөлүмүнө кайрылуусун суранат.

1516
Белгилер:
коопсуздук, ИИМ, милиция, чемпионат, хоккей, Бишкек
Тема боюнча
Аскарбеков: Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүгө даярбыз
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында КРдин атаандаштары аныкталды. График
Вичке экспресс-тест өткөрүү. Архивдик сүрөт

Бир жылда 850 кыргызстандык ВИЧ жуктурганы аныкталып, 77 киши көз жумду

5
Бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды колдонуп жүргөн ВИЧ менен ооругандар ден соолугу чың адамдардай эле көпкө чейин жашай турганы белгиленет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жылы ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 850 адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алардын 70 пайызы жыныстык жол менен илештирип алганы белгиленет. Бул илдетке чалдыккандардын саны 2015-жылы 393 болсо, былтыр 595 учурга же 1,5 эсеге көбөйгөнү айтылат.

Ошону менен бирге өткөн жылы 77 адам ВИЧтен көз жумган. Алардын көпчүлүгү (50 киши) эркектер.

"Каза болгондордун айрымдарынын өлүмүнө ашыкча өлчөмдө баңгизат колдонуу жана башкалар себеп болгон. Өлгөндөрдүн дээрлик баары (99 пайызы) 30 жаштан 50 жашка чейинкилер. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактагылар. ВИЧ инфекциясынан өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталды", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды колдонуп жүргөн ВИЧ менен ооругандар ден соолугу чың адамдардай эле көпкө чейин жашай турганы белгиленет.

5
Белгилер:
статистика, дарылоо, өлүм, жуктуруу, вич
Тема боюнча
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт
Жалал-Абадда ВИЧ илдетин жуктургандарды аныктоо боюнча акция башталды
Арча-Бешик конушуна асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

Шаршембиге карата аба ырайы

105
2-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2-декабрь, шаршембиде, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1…+4, Талас жергесинде 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көлдө жана Нарында 0…+5 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…+2, Ош шаарында +7…+9 градус жылыйт.

105
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы