Кассадагы АКШ долларлар жана рублдар. Архив

КРдин экономикасы которулган акчага байланган. Маселени кантип чечүүнү айтышты

105
(жаңыланган 17:54 26.02.2020)
750 миңден ашуун кыргызстандык чет жакта иштеп жүрөт. Өлкөдө миграция боюнча маалыматтарды топтогон бирдиктүү система жок.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Сапаттуу иш орундарынын жоктугу ашыкча жумушчу күчүнүн топтолушуна жана алардын сыртка чыгып кетүүсүнө себеп болууда. Бул маселени чечүү үчүн Миграция боюнча мамлекеттик кызмат КРдин 2020-2030-жылдарга карата миграция саясатынын концепциясын кабыл алууну сунуштады. Аталган документтин долбоору өкмөттүн сайтына жайгаштырылган.

Концепция демилгечилери Кыргызстандын экономикасы жарандарды сапаттуу иш, татыктуу айлык менен камсыздоого күчү жетпей жаткандыгын айткан. Андыктан миграция өлкөдөгү экономикалык жана социалдык чыңалууну жумшартып жатат дешкен.

Миграциялык саясаттын приоритеттүү багыттары жана милдеттери катары төмөнкүлөр белгиленди:

  • Өлкө жарандарынын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда билим алуучулук, эмгектик, кесиптик жана маданий потенциалдарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудагы шарттарын өркүндөтүү;
  • Калктын, мекендештердин, иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык потенциалын Кыргызстанда өнүктүрүүгө пайдалануу;
  • Өлкөдөн тышкары жүргөн Кыргызстан жарандарынын, ошондой эле өлкөнүн аймагында турган иммигранттардын, мекендештердин жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо системасын түзүү;
  • Миграциялык коопсуз чөйрөнү түзүү.

Ведомство сунуштаган концепциясында миграциялык процесттерди мамлекеттик программа аркылуу турукташтырууга ниеттенип жатат. Эгерде бул ийгиликтүү ишке ашып кетсе мигранттардын финансылык сабаттуулугун жогорулатып, Кыргызстанга салган инвестициясын арттырат.

Концепцияны толугу менен өкмөттүн сайтынан окуй аласыз.

105
Белгилер:
концепция, айлык-акы, миграция, Кыргызстан
Тема боюнча
700 миллион сом түшөт. КРдеги мигранттарга патент берүү мыйзамы сунушталды
WhatsApp аркылуу иш таап... Финпол финансылык пирамида түзгөн компанияны аныктады
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев

Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

2
(жаңыланган 19:04 26.09.2020)
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2015-2020-жылдарга тилди өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн каражаттар айрым тармактарда колдонулбай турганын айтты.
Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

Ар бир беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программа кабыл алынат. Анын алкагында 2018-жылы кесиптик окуу жайларды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 200 миллион сом каралган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат иштетилбей турат. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кесиптик окуу китептерин чыгаруунун индикатору түзүлүп, ал өкмөт тарабынан бекитилген.

"2015-2020-жылдарга карата тилди өнүктүрүү боюнча иш планда кесиптик окуу жайларын мамлекеттик тилдеги китептер менен камсыздоого басым жасалган эле. Анын ичинде медициналык, техникалык жана көркөм өнөр, искусство жаатында китептер басылып чыкмак. 200 миллион сом каражат бөлүнүп, өкмөт иштелип чыккан индикаторду кабыл алган соң биз чоң көйгөйгө туш келдик. Көрсө, өлкөдө аталган тармактар боюнча талапка жооп бере турган, студенттер окуп билим алуусуна керектелүүчү окуу куралдарын жазып чыга алган адистер жок экен. Ошондуктан бул максаттар ишке ашпай калды. Аталган китептерди чыгарууга Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери жоопкерчилик алган", — деди Ишекеев.

Төрага бөлүнгөн каражат 2021-жылга ушул эле максатта которуларын кошумчалады.

2
Белгилер:
көйгөй, китеп, мамлекеттик тил, Назаркул Ишекеев
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
Instagram колдонуучулары. Архивдик сүрөт

Хакерлер кантип Instagram-аккаунтту талкалап, телефонду аңтарышат

3
(жаңыланган 19:02 26.09.2020)
Хакерлер алгач электрондук почтага, WhatsApp тиркемесине жана башка жолдор менен зыяндуу файлды кетирет. Эгер катталуучу аны өзүнө сактап алса, хакер Instagram тармагын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Хакерлер Instagram социалдык тармагын талкалап кирип, смартфондогу маалыматтарды оңой алышы мүмкүн. Тиркеменин мындай кемчилигин Check Point Software Technologies компаниясы аныктаган.

Хакерлер алгач электрондук почтага, WhatsApp тиркемесине жана башка жолдор менен зыяндуу файлды кетирет. Эгер катталуучу аны өзүнө сактап алса, хакер Instagram тармагын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Анын арты менен телефондогу номерлерди жана камерадагы файлдарды көрүп, колдонуучу кайда жүргөнүн байкай алат.

Смартфондогу үн жаздырган колдонмолордун негизги кооптуулугу айтылды

Мындай кемчилик Instagram сүрөттөрдү көчүрүү үчүн колдонгон Mozjpeg —JPEG JPEG декодеринде табылган.

Check Point программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңыртып турууну жана жеке маалыматтарга уруксат сураган тиркемелерге көңүл бурууга кеңеш берген. Кайсы бир учурда телефондогу номерлерге жана геолокацияга мүмкүнчүлүк берүүдө жакшылап ойлонуу керектигин эскертишкен.

3
Белгилер:
Чабуул, хакерлер, телефон, Instagram
Тема боюнча
Телефондун SIM-картасынын блоктолуп калышынын негизги себептери айтылды