Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек

© Фото / Ryce Travel / Ruslan TajiПредприниматель, гид Максат Айткулов
Предприниматель, гид Максат Айткулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер, гид Максат Айткулов Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң айылында чет элдик эс алуучуларды узак убакыттан бери кабыл алып келет. Алар тоого алып чыгуучу асма жолдору жок эле кышкы туризмди жол салып, жүздөгөн европалык туристтерди тосушат.

Элеттик жаратман менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек куруп, тоолуу аймакта кантип киреше табуу керектигин сөз кылды.

— Өз алдыңызча эле туризм менен алектене баштоо оор эле болсо керек?

Эколог Кубанычбек Жумабай уулу  - Sputnik Кыргызстан
Илбирстин чоң топозду өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет. Эколог менен маек
— 9-классты аяктагандан кийин Каракол шаарындагы кесиптик окуу жайды тоолуу аймакта туристтерди коштоп жүрүүчү адистиги боюнча бүтүргөм. Ал жакта хоккей, лыжа тебүү, жарга жана мөңгүгө чыгуу сыяктуу спорттун бир топ түрү менен машыгып жүрдүк. Кийин 2003-жылы аскерге барып келип өз алдымча эс алуучуларды коштоп жүрүүчү болуп иштеп калдым. Союз учурунда эле Ак-Суу районунун Жыргалаң айылына эс алуучулар келип турчу, атайын өзүнүн маршруттары да бар эле. Мисалы, ошол жолдор аркылуу Түштүк Эңилчек мөңгүсүнө барууга болот, ал мөңгүнүн узундугу эле 70 чакырымга созулат. Негизи биз ошол ишти эле уланттык, жаңы деле эч нерсе ойлоп тапкан жокпуз. Азыр жергиликтүү тургундар мейманкана, конок үйлөрдү салып эс алуучуларды тосуп жатат. 

© Фото / Ryce Travel / Ruslan TajiГид Максат Айткулов жыл сайын жүздөгөн европалык туристтерди тосуп иштейт
Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Гид Максат Айткулов жыл сайын жүздөгөн европалык туристтерди тосуп иштейт

— Учурда Жыргалаң айылы лыжа базасы жок эле чет элдиктерди кабыл алып жатат. Ушундай шартта иштөө мүмкүн бекен?

Мурдагы саламаттык сактоо министри, профессор Талантбек Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Батыралиев: медициналык туризм колго алынса кошумча каражат булагы болот
— Албетте. Бул дагы лыжа тебүүнүн бир түрү, аны Freeride деп коет. Спортчулар, эс алуучулар атайын техниканын жардамы менен тапталбаган тоого жөө же ат менен чыгып тебишет. Алардын өздөрүнүн лыжа, сноуборддору болот. Иш жүзүндө кышкы туризмди жолго салуу үчүн сөзсүз тоого алып чыгуучу асма жолдорду куруу керек. Мен өткөн жылы Швейцарияда болдум. Алардын тоого алып чыгуучу асма жолдору төрт мезгил бою иштейт экен. Адамдар жайкысын тоого велосипед тепкени чыгышса, кышкысын ошол эле жерде лыжа тебишет. Туристтик полиция иштеп, коопсуздук жагын тыкыр көзөмөлгө алышкан экен. Биз деле кооз жаратылышыбызды алардан кем калышпай колдонсок болмок.

— Жакшы экен. Сиздер үчүн быйылкы кышкы мезгил кирешелүү эле болдубу, эс алуучулардын көпчүлүгү кайсы мамлекеттерден келди?

— Кудайга шүгүр, жакшы эле болду. Freeride менен машыккандар негизи жаңы бийиктиктерди, аймактарды багындыргысы келет. Биз негизинен Германия, Голландиядан келгендер менен иштешебиз, быйыл башка мамлекеттерден да келишти. Анын үстүнө бизде кар калың түшөт эмеспи, тоолорубуз да кенен, ошондуктан кызыккандар көп. Мисалы, Каракол шаарынан Түп айылына чейин 100 чакырымдык тоо кыркалары пайдаланылбай жатат. Ал тоолор деңиз деңгээлинен 3500-4000 метр  бийиктикте, кышкысын да абанын температурасы аябай төмөндөп кетпейт. Так ошондой жерлер freeride менен машыккандар үчүн аябай ыңгайлуу. Себеби көчкү түшпөгөн аймактагы чукул бурулуштардан, кооз кокту-колоттордон спортчулар адреналин алат. Ошондуктан биздин тоолор чет элдиктерге майдай эле жагат. Кыргызстандыктар болсо экологияга зыянын тийгизбей, тоодогу кардан эле акча таба алышат. 

© Фото / Ryce Travel / Ruslan TajiЫсык-Көлдүн Жыргалаң айылына негизинен Германия, Голландиядан эс алуучулар көп келет
Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылына негизинен Германия, Голландиядан эс алуучулар көп келет

— Анда биздеги ак кар баскан тоолор колдонулбай эле жаткан турбайбы?

— Кыргызстанда бир жылда он ай бою лыжа тээп, июль жана август айында эле эс ала аласың. Бизге табият ошондой шарт түзүп берип койгон. Бекеринен ак мөңгүлүү Ала-Тоо деп айтпайт да. Мен тоого көп чыгып жүрөм, кар болбой калган учурду көрө элекмин. Деңиз деңгээлинен 3500-4000 метр бийиктиктен жогору аймакта кар такыр эрибейт. Азыркы маалда кыргызстандыктар кышкы туризмдин 5-10 пайыз мүмкүнчүлүгүн эле колдонуп жатат. Жер-жерлерде аракеттер көрүлүүдө, бирок ири долбоорлор жок, мамлекет билек түрө кирише элек. Биз тоодо жаткан кардан эле миллиондогон доллар таба алабыз.

— Коңшу мамлекеттерге дагы чыгып иштеп калат экенсиз. Кышкы туризм жаатында Казакстан менен Өзбекстанда абал кандай?

— Жалпылап айтканда коңшу эки мамлекетке салыштырмалуу биз алдыдабыз. Жакында эле Казакстанда болдум. Алар Европадан кымбат, заманбап жакшы шаймандарды алып келип жатышат. Өзбекстанда инвесторлор ири суммадагы акчага тоо лыжа базасын салышты. Ага карабай биздин тоолорубуз лыжачылар үчүн эң мыкты деп саналат. Эс алчу киши лыжа тебем деп 100 чакырым жолду жөө баспайт. Биз болсо тоонун этегинде эле жашайбыз. Кошуна эки мамлекетте табигый шарт анча жок, бирок аракеттер бар. Ал эми бизде, тескерисинче, укмуштуу кокту-колоттор, жаратылыш берген кар бар, бирок акча салбай жатабыз. 

© Фото / Ryce Travel / Ruslan TajiИшкер Кыргызстанда бир жылда 10 ай бою лыжа тебүүгө мүмкүн экендигин айтат
Ишкер Кыргызстанда бир жылда 10 ай бою лыжа тебүүгө мүмкүн экендигин айтат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ишкер Кыргызстанда бир жылда 10 ай бою лыжа тебүүгө мүмкүн экендигин айтат
© Фото / Ryce Travel / Ruslan Taji Ал жыл сайын 200-300дөй эс алуучуну кабыл алат, учурда анын кол алдында 20 адам иштейт.
 Ал жыл сайын 200-300дөй эс алуучуну кабыл алат, учурда анын кол алдында 20 адам иштейт. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ал жыл сайын 200-300дөй эс алуучуну кабыл алат, учурда анын кол алдында 20 адам иштейт.
© Фото / Ryce Travel / Ruslan TajiМаксат Айткулов: биз тоодо жаткан карды да товар деп түшүнүшүбүз керек
Максат Айткулов: биз тоодо жаткан карды да товар деп түшүнүшүбүз керек - Sputnik Кыргызстан
3/3
Максат Айткулов: биз тоодо жаткан карды да товар деп түшүнүшүбүз керек
1/3
Ишкер Кыргызстанда бир жылда 10 ай бою лыжа тебүүгө мүмкүн экендигин айтат
2/3
Ал жыл сайын 200-300дөй эс алуучуну кабыл алат, учурда анын кол алдында 20 адам иштейт.
3/3
Максат Айткулов: биз тоодо жаткан карды да товар деп түшүнүшүбүз керек

— Кесипкөй адис катары айтсаңыз, биздеги кышкы туризмди өнүктүрүп, андан жакшы киреше табуу үчүн бизге эмнелер жетишпей жатат?

Водитель КамАЗа, предпринимательница Жайна Нурмамбетова - Sputnik Кыргызстан
КамАЗ айдап, мотор басып, Кара-Кечеден көмүр ташыган Жайна. Ишкер менен маек
— Азыр туризм тармагын мыкты түшүнгөн адамдар аз, өзүбүздүн жаратылышка кылган мамилебиз өтө начар, кесипкөй адистер жетишсиз. Чет жактан Кыргызстанга түз учкан жана жергиликтүү авиакаттамдар жок. Биздин жаратылыш сырттан келген миңдеген эс алуучуларды таң калтыра алат. Азыр жөө, ат, лыжа, велосипед, мотоцикл, жолтандабастар менен саякаттоо өнүгүп жатат. Анын ар бири эле бир нече түргө бөлүнүп, чет элдиктерди республикадагы облустарды жумалап кыдыртса болот. Биз тоодо жаткан карды да товар деп түшүнүшүбүз керек. Анын ылайыктуусун издеп таап, кооопсуздук жагын карап лыжа тебе турган жерди эсептеп чыгуу зарыл. Андан сырткары, ат, автоунаа, жатакана, тамак-ашы менен камсыздаган жагын да ойлонуштуруу кажет. Тоого чыккан атайын техникаларды алып келишибиз зарыл, кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, туризм тармагы муктаж болуп жаткан кызматкерлерди даярдашыбыз абзел.
© Фото / Ryce Travel / Ruslan TajiАйткулов: Кыргызстандагы кышкы туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн 5-10 пайызга эле колдонуудабыз
Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Айткулов: Кыргызстандагы кышкы туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн 5-10 пайызга эле колдонуудабыз

— Түшүнүктүү. Алдыңызда кандай пландар бар?

— Мен быйыл 12-апрелге чейин эс алуучуларды тосом. Себеби ошол мезгилге чейин график толуп калды. Жылына жалпы 200-300дөй эс алуучуну кабыл алабыз, кол алдымда 20 адам иштейт. Андан сырткары, туристтерди мейманканага алып барабыз, кошумча котормочу, гид, айдоочуларды жалдайбыз. Бут басып жүргөндө иштей бериш керек. Эч кимге карыз эмеспиз, эч кимди кыйнабайбыз. Буюрса жаратылыш койнунда эмгектене беребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0