Пациент в городской поликлинике № 3 города Читы.

Бишкектин ооруканасына коронавирус жуктурган бейтап түштүбү? Министрликтин жообу

2409
(жаңыланган 14:11 27.02.2020)
Аудио жазуунун автору Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына начар абалда бейтап жаткырылганын билдирген. Автордун айтымында, бейтап эки-үч күндөн ашык жашай албайт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын интернет айдыңында "Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жуктуруп алган киши жаткырылды" деген маалымат тарады.

Аудио билдирүү Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Бишкек сегодня" Telegram каналында пайда болду. Аны аял киши жаздырып, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына оор абалдагы бейтап жаткырылганын айткан.

"Эки-үч күндөн кийин ал үзүлөт деп жатышат. Андан ашык кармай алышпайт экен. Бет кап кийип, имараттын ичин тазалоодо хлор колдонгула", — деп кайрылган аял.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты. Мекеменин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргызстандыктар бул жаатта тынчсызданбай эле койсо болорун белгиледи.

Буга чейин да коронавирус боюнча соцтармакта ушул сыяктуу фейк-маалымат тараган.

2409
Белгилер:
фейк, бейтап, оорукана, оору, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (686)
Тема боюнча
Бир бейтап канча кишиге коронавирус жуктурат. Адистин түшүндүрмөсү
Депутат: кырылып калабыз, Италиядан келген эки кишини карантинге албай коюшту