"Кант" авиабазасында пилотсуз башкарылчу авиация отряды түзүлдү

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүПилотсуз башкарылчу аппарат. Архив
Пилотсуз башкарылчу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин ЖККУнун Канттагы аскердик аба базасына пилотсуз башкарылчу учактарды киргизүү боюнча келишимди ратификациялоого жол берген федералдык мыйзамга кол койгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. "Кант" авиабазасында чакан жана орто радиуста учкан пилотсуз башкарылчу авиация отряды түзүлдү. Бул тууралуу Россиянын Борбордук аскер округунун аскер башчысы Александр Лапинге шилтеме берип "Звезда" телеканалы жазды.

"Кант" авиабазасында пилотсуз башкарылчу авиация отрядын түздүк. "Форпост" — орто, "Орлан-10" — чакан аракеттеги учуучу аппараттар. Булар чалгындоо жана сокку уруу боюнча Сириядагы согуш учурунда тажрыйба топтошкон", — деди Лапин.

Буга чейин Россия президенти Владимир Путин ЖККУнун Канттагы аскердик аба базасына пилотсуз башкарылчу учактарды киргизүү боюнча келишимди ратификациялоого жол берген федералдык мыйзамга кол койгон.

Эске салсак, ЖККУнун Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылдын 23-октябрынан бери иштеп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0