Кыз Бишкектин бир көчөсүнүн биринде басып бара жатат. Архив

Үйүндөгүлөр менен урушуп чыгып кеткен 17 жаштагы Мадина изделүүдө. Сүрөт

181
(жаңыланган 13:07 28.02.2020)
Мадина кийинип, башына жоолук салынып үйдөн чыгып кеткен. Беш күндөн бери кызды издеп таппай жатышат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Бек-Абад айылынын жашоочусу Мадина Рахмидин кызы издөөгө алынды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Разыскивается 17-летняя жительница села Бек-Абад Сузакского района Джалал-Абадской области Мадина Рахмидин кызы
© Фото / Пресс служба УВД Джалал-Абадской области
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Бек-Абад айылынын жашоочусу Мадина Рахмидин кызы издөөгө алынды.

23-февраль күнү болжол менен 11:30дар чамасында 17 жаштагы кыз үйүндөгүлөр менен урушуп, андан соң чыгып кеткен. Андан бери кайда экендиги билинбей, белгисиз болуп жатат.

Мадинанын бою болжол менен 165-170 сантиметр. Кара күрмө, көк кофта жана кара жинсы кийип жүргөн. Башына сыя көк жоолук салынып алган.

Эгерде Мадина туурасында маалымат билгендер болсо, (03748) 5-02-09, (0777) 80-65-68, (0550) 31-31-22 телефондоруна чалуу керек.

181
Белгилер:
издөө, жоголуу, кыз, айыл, Сузак району
Тема боюнча
Ошто туулган кишини Россияда психикалык жактан ооругандардын клиникасынан табышты
Кызым турмушка чыкпай калабы деп корком... Эненин каты
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

9
(жаңыланган 13:17 30.10.2020)
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин текшерип жатабыз, натыйжасы жок иштеп жүргөндөр аныкталса жумуштан алынат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин министрликте элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес. Азыркы тапта санариптештирүү жана экспортко чыга турган товарлардын документтерин тез арада бүтүрүү боюнча аракеттер башталды.

"Бизде өз ишин мыкты билген адистер жетиштүү, ошол эле учурда эптеп эле иштеп жүргөндөр да бар. Андыктан учурда аудит жүргүзүп ким эмне менен алектенип жүргөнүн аныктап жатабыз. Жыйынтыгына жараша кадрдык чечимдер кабыл алынат. Жөн гана иштен кетирип салуу болбойт, эгер өз ишинин адиси болсо аны менен иштешүүнү улантабыз. Мисалы райондук агрардык башкармалыктар ишкерлер менен фермердин ортосуна көпүрө болуп, айыл чарба азыктарын сатууга шарт түзгөн менеджер болушу керек. Учурда алардын активдүүлүгү жетишпей жатат", — деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

Мындан сырткары, министр бир жарым жыл мурда министрликтин штаты 5000ден ашуун болгонун, бирок мурдагы жетекчилик позициясын коргой албай ал эки-үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин белгиледи. Мындан улам 4000ден ашуун кызматкер Суу чарба агенттигине кеткен, Фитосанитардык, ветеринардык инспекциялар, алкоголдук продукцияларды көзөмөлдөө Айыл чарба министрлигине карабай калган.

Бүгүнкү күндө министрлик көбүнчө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын аныктап калганын айтат. Жалпы штаты 888 кызматкерден турса, анын 97си борбордук аппаратта иштейт.

9
Белгилер:
текшерүү, кызматкер, Тилек Токтогазиев, айыл чарба
Тема боюнча
БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты
Чек ара кызматкерлери. Архив

Чек арачылар Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен күчөтүлгөн тартипке өттү

20
Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө өттү. Бул тууралуу ведомство кабарлады.

Күчөтүлгөн режим президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кечээ 20.00дөн тарта башталды. Учурда чек араларда кырдаал туруктуу.

Баткендеги чек ара чыры: тажик тарап суу түтүктөрүн кайра ала баштады

Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ыкчам маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттерди жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

20
Белгилер:
чек ара, тартип, Мамлекеттик чек ара кызматы
Тема боюнча
Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту