Аламүдүн дарыясы

Өкүлчүлүк: Аламүдүн суусуна белгисиз затты ыргыткан, суу чындыгында жашыл

2855
(жаңыланган 10:22 05.03.2020)
Дарыянын жээгинде тиешелүү мамлекеттик тармактык органдардан түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Куш менен балыктардын кырылганы катталган жок.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. "Аламүдүн суусуна белгисиз затты таштап салган" деген маалыматты өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев мамлекеттик тиешелүү органдарга мунун себебин аныктоо жана суунун, топурактын үлгүсүн алып, анализ кылууну тапшырды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү иштеп жатканы кабарланды.

  • Полпред Чуйской области Алтынбек Намазалиев у реки Аламедин, в которую сбросили неизвестное вещество
    Облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев мамлекеттик тиешелүү органдарга мунун себебин аныктоо жана суунун, топурактын үлгүсүн алып, анализ кылууну тапшырды
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Чуйской области
  • Полпред Чуйской области Алтынбек Намазалиев у реки Аламедин, в которую сбросили неизвестное вещество
    Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү иштеп жатканы кабарланды.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Чуйской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Чуйской области
Облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев мамлекеттик тиешелүү органдарга мунун себебин аныктоо жана суунун, топурактын үлгүсүн алып, анализ кылууну тапшырды
"Учурда суунун үлгүсү алынды жана ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик менен Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин эки лабораториясынан текшеришет. Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияларынын маалыматына караганда, белгисиз бирөөлөр сууга жашыл зат ташташкан. Тез агып жаткан жер — көпүрөнүн алдындагы суу таза. Төмөнүрөөк жагы көлмө болгондуктан суу дагы эле турат жана ал жерден жашыл түстү көрүүгө болот", — деп жазылган маалыматта.

Анализ кылуу үчүн суудан үлгү алынган. Андан жыт чыкпагандыгын жана куш менен балыктардын кырылганы катталган жоктугун кошумчалашты. Биринчи текшерүүдө муну ким жасагандыгы аныкталган эмес.

Буга чейин социалдык тармакка Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлуп агып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Бирок аны Бишкек мэриясы фейк-видео деп атап, төгүнгө чыгарган.

2855
Белгилер:
суу, Чүй облусу, Аламүдүн дарыясы, Бишкек
Тема боюнча
Соцтармакка Аламүдүн дарыясы жашыл түскө боёлду делген видео тарады
Аламүдүндүн "жашыл суусун" мэрия калп деди, эксперттер текшерип баштады
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

34
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

34
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат
Витаминдер. Архив

Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы

41
Адистин айтымында, кайсы бир препаратты ичерден мурда дарыгер менен кеңешүү керек. Ошондой эле витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу зарыл.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бой келбети келишимдүү болушун каалаган адамдарга витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмалардын кереги бар же жок экенин нутрициолог, фитнес жана дарылоочу көнүгүүлөр боюнча адис Арина Скоромная РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Эч бир витамин же биологиялык активдүү кошулмаларды ичпей деле жүрө берсе болот. Бирок дене бой ойдогудай болушу үчүн организмдеги бардык заттар жетиштүү болушу шарт. Витаминдерди тамактан керектүү көлөмдө баары бир ала албайбыз. Алыш үчүн абдан көп тамактанышыбыз керек. Негизи биз сөз кылып жаткан заттар организмге жардамчы катары зарыл", — деди адис.

Ошондой эле Скоромная кайсы бир препаратты ичерден мурда бир ооз дарыгер менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу керектигин кошумчалады.

41
Белгилер:
арыктоо, организм, адис, ден соолук, витамин
Тема боюнча
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн
Акча санап жаткан кассир. Архив

Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

15
(жаңыланган 09:36 14.06.2021)
Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.

Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):

2020 — 132,3 миллион;

2019 — 163,3 миллион;

2018 — 151,4 миллион;

2014 — 134,2 миллион.

15
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү