Тулпар электрондук төлөм системасынын картасы. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Тулпар" системасы толук кандуу иштеп баштады

244
(жаңыланган 13:02 01.03.2020)
Жаңы карталарды "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн, мобилдик операторлордун сатуу пункттарынан, ошондой эле автобус менен троллейбустун айдоочуларынан алууга болот.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы толук кандуу иштеп баштаганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Биз муниципалдык автобус менен троллейбустарда шаардыктарга көмөктөшүү үчүн айдоочуларды жана 250дөй консультантты даярдадык. Консультанттар системанын ишине, төлөө процессине байкоо салып, жүргүнчүлөргө керектүү учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Карталарды "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнөн, мобилдик операторлордун сатуу пункттарынан, ошондой эле автобус менен троллейбустун айдоочуларынан алууга болот. Картанын баасы 50 сом, биринчи жолу түшкөндөргө бекер.

Пенсионерлерге кызыл түстүү карталар район акимиаттарынан жана муниципиалдык аймактык башкармалыктан берилет. Ал эми окуучулар үчүн жашыл түстөгү карталарды "Тулпар" долбоорунун кызматкерлери мектептерде сатып башташат. Жалпы колдонуучулар көк карталарды алышы керек.

244
Белгилер:
"Тулпар" электрондук төлөм системасы, карта, Бишкек мэриясы
Тема:
"Тулпар" электрондук төлөм системасы (8)
Тема боюнча
Бишкекке Белоруссиянын электробустары алынып келиши мүмкүн
Акматбеков: "Тулпар" карталары 1-марттан кийин дагы таратылат
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

34
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

34
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

60
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

60
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео