Бишкекте 2-мартта эмне митинг болот? Мэриянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Митинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин соцтармакта саясатчынын тарапташтары борбор калаада митинг уюштурат деген билдирүүлөр тараган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Борбор калаанын башкы аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, саясатчынын тарапташтары акция өткөрөрүн мэрияга кабарлап, эскертишкен.

"Мэрияга саясатчынын тарапташтары митинг тууралуу эскертме-билдирүү калтырышкан. Акция 2-мартка пландалыптыр. Аларды биз Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына жөнөттүк. "Коомдук тартипти сактагыла" деген бир эле талап койдук. Мэрияда акция өткөрүүгө уруксат берип же тыюу салган ыйгарым укук жок", — дешти мекемеден.

Буга чейин интернетте 20га чукул автоунаага желек байлап, Ысык-Көл облусунун көчөсү менен келе жаткан адамдардын видеосу тараган. Алардын айтымында, топ Садыр Жапаровду колдоо максатында Тоң районунан Бишкекке тынчтык акциясына катышуу үчүн жолго чыгышкан.

Мындан тышкары, соцтармактын Бишкектеги колдонуучулары жакында эле "жергиликтүү милиция кызматкерлери шаардыктардан митингге чыгасыңарбы деп сурап жатат" деген билдирүүлөрүн жазды.

"Бүгүн апама милиция кызматкери келип "2-мартта боло турган митингге чакырып жатышабы?" деп сураган. Мындан сырткары, алар апамдан "митингге чакыргандар болуп калса, маалымат берип коюңуз" деп өтүнүшкөн", — деген соцтармак колдонуучусу.

Интернетте Жапаровду колдогон митингден сырткары башка да нааразычылык акциялары өтөт деген маалыматтар тароодо.

Митинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0