Жылан жутуп алган сүлгүнү кекиртегинен кыпчуур менен чубап алып чыгышты. Видео

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүУдаление зуба у питона
Удаление зуба у питона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дарыгерлер видеого тартып алып, клиниканын соцтармактагы Instagram баракчасына салып коюшкан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Австралияда ветеринарлар питондун оозунан жутуп алган чоң сүлгүнү сууруп чыгышты. Окуянын видеосу SASH Avian & Exotics клиникасынын социалдык тармактагы Instagram баракчасына жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от SASH Avian & Exotics (@sash.avian.exotics.vet)

Окуя Австралиядагы Сидней ветеринардык клиникасында болгону айтылды.

"Өткөн жумада австралиялык түгөйлөр үч метрлик Монти (Monty) аттуу жыланы башкача болуп калганын байкашат. Көрсө, питон алардын жээкке салынып жатчу сүлгүсүн жутуп алыптыр. Муну байкаган түгөйлөр жаныбарын дароо ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер атайын аппарат менен питонду текшерип, сүлгү жыландын курсагына чейин кирип кеткенин аныкташкан. Соңунда ветеринарлар кыпчуур бекитилген эндоскоп менен жыландан сүлгүнү сууруп чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.

Ал учурду дарыгерлер видеого тартып алып, клиниканын Instagram баракчасына салып коюшкан.

"Бизде мындай учур дегеле катталган эмес. Операция учурунда жылан да, сүлгү да эч нерсе болгон эмес", — деп жазышкан.

Ветеринарлар Монти эртеси күнү эле клиникадан чыгарылганын, анын абалы жакшы экенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0