Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин Бишкектеги митинги. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги өтүп жатат. Аны уюштургандар мэрияга акция өтө тургандыгын алдын ала кабарлаган.

Мындан эки күн мурда интернетке 20га чукул автоунаа Кыргызстандын желектери менен Ысык-Көлдөгү трассада тизилип алып кетип бара жаткан видеосу тараган. Элдин Тоң районунан тынчтык митингине бара жатканы айтылган. Социалдык тармактарга ага Жапаровду колдогондордон башка дагы нааразылык акциясынын катышуучулары кошулат деген маалымат тарады.

Жапаровдун иши

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингин милиция кантип кууп тараткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жасаган тексттик трансляциясынан окуңуздар. Маалыматтар сүрөт, видео менен коштолгон. 

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:04 02.03.2020

 Милиция Садыр Жапаровдун боштолушун талап кылып митингге чыккандарды болжол менен 40 мүнөттүн тегерегинде митинг уюштурулган аймактан сүрүп чыкты. 

18:59 02.03.2020

Бул аймактагы көчөлөрдөгө асфальт жолдон жерде жаткан муштумдай таштарды, көлөмү андан чоңураактарын, цементтин сыныктарын көрүүгө болот. Ал арада бул маршруттан жолдо турган автоунаалардын кээ бирлеринин айнектери талкаланды.  

18:56 02.03.2020

Москва-Логвиненко көчөлдөрүндө милиция кызматкерлери менен кошо атайын даядыктагы аскерлер жүрөт. Митингчилер таш ыргытканга жетишип жатат. Ал эми жөнөкөй жарандар баш калкалаган жай издеп жатат. 

18:50 02.03.2020

Милиция менен митингчилердин каршылашуусу Орозбеков менен Киев, Токтогул көчөлөрүндө болду. Ал жерде митингчилер милицияга бир топ каршылашты. Алар тартип сакчыларга таш менен каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Нааразылыкка чыккандар бир топ каршылык кылышты. Милиция акырындык менен аларды аймактан сүрүп чыгып бара жатат. 

18:46 02.03.2020
18:44 02.03.2020
18:41 02.03.2020

Учурда саат 18:41. Негизги кыймыл, тагырагы сүрүп чыгаруу Раззаков көчөсүндө, андан сырткары аянттын айланасындагы Киев көчөсүндө болууда. 

18:34 02.03.2020

Милиция негизинен митингчилерди аянттан кууп чыгууда аттырган сууну, көздө жаш агызуучу газды колдонгону байкалды. Аянтта чогулган эл дээрлик калган жок. Милиция менен элдин ортосунда катуу кагылышуу болгон жок. 

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18:30 02.03.2020

Элди милиция суу менен артка сүрө баштады. Элдин арасында аялдар жүрөт.  

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18:28 02.03.2020
18:27 02.03.2020
18:25 02.03.2020

Чогулгандар милицияны жарып өтүп, Ак үйгө келди. Ал эми тартип сакчылары мамлекеттеги башкы страгиялык объектини коргоого аракет кылып жатат. 

18:22 02.03.2020

Аянтка чогулган эл Ак үйдү көздүй жөнөдү. Алардын кыйкырып, ышкырып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Бара жаткандар Жапаровду бошотуп берүүнү талап кылабыз дешти. 

18:21 02.03.2020

Ак үйдүн, Кыргыз драма театрынын жанындагы милиция кызматкерлери менен "Ала-Тоо" аянтындагы чогулган элдин арасын бир нече метр гана аралык бөлүп турат. 

18:19 02.03.2020

Ал арада аянтта тургандарды уюштуруучулар тарап кетишин суранууда. Бирок элдин арасынан кептейбиз деген үндөр чыгууда. 

18:13 02.03.2020

Ак үйдүн түндүк-чыгыш тарабында автобус жана аскерлер чогулууда. Каска кийген жоокерлер ары-бери чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция "Ала-Тоону" көздөй акырындап жылып бара жатат. 

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18:11 02.03.2020

Аялдар Ак үйгө барып, киргизүүнү суранышты. 

18:05 02.03.2020

Чыгып сүйлөгөндөрдүн бири бийликке жарым саат берерин, болбосо Садыр Жапаровду бошотуу үчүн түрмөгө бара тургандыктарын айтып, элди чакырды. 

18:02 02.03.2020

Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров элге кайрылды. Анын "Келгениңерге чоң рахмат. Сөөгүбүз ыраазы силерге. Чагымчылыкка тарабай тынч тарап кетсек" деген сөзүн чогулгандар укпай, кыйкырып, ышкырып башташты.

Элдин арасынан "тарбайбыз" деген үндөр чыкты.

17:36 02.03.2020

Элдин алдына чыгып сүйлөгөн аялдардын бири кайрадан Ак үйгө барышарын, бул сапар ал топ энелерден турарын айтты. Ал эми митингге модераторлук кылып жаткан киши эркектерди барбоого чакырды. 

Аялдар жолдон бийлик өкүлдөрү чыгышын, андай болбосо өздөрү кирерин айтышты. 

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17:27 02.03.2020

 Сүйлөп жаткандардын бири милиция чогулгандарды таратып, кубалоо туурасында маалымат болуп жаткандыгын айтты. Эл акырындап Манастын эстелигинин алдына, сүйлөп жаткандарды көздөй жылды. Ал арада Раззаков көчөсүндө милиция кызматкерлери түшкөн автобус келди. Дагы эки техника турганы айтылды.

17:14 02.03.2020

Митингдин делегаттары менен жолуккан президенттин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов келгендердин пикирин уккан.         

"Жарандардын кабыл алууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Митингдин резолюциясы келгенден кийин ал президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө карала тургандыгы белгиленди", - деп айтылган маалыматта.

17:11 02.03.2020
17:05 02.03.2020

Чыгып сүйлөгөндөрдүн бири элди аянтта чачырабай, бири-бирине жакын турууга чакырууда. Топтолушуп турууну айтты. Андан сырткары Каптагаевди, Садыровду алып келишин, депутаттардын, анын ичинен Өмүрбек Текебаевдин чыгышын талап кылды. 

17:01 02.03.2020

Топтошкон элдин бир бөлүгү Орозбеков көчөсүменен өкмөт үйүн, Абдымомунов көчөсүн көздөй жөнөдү. Уюштуруучулардын кайрылуусунан улам бир бөлүгү кайтып келди. Кээ бирөөлөрдүн  айтымында чатак чыгарууга аракет кылгандарды четке сүрүп салышты. 

16:53 02.03.2020

 "Ала-Тоо" аянтына Садыр Жапаровду колдоп уюштурулган митингдин  асмандан көрүнүшү. 

16:44 02.03.2020

 Автоинспекторлор Раззаков көчөсүндөгү автокыймылды жапты.  "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун колдоочулар уюштурган митингдин башталганына 3 сааттан ашты. 

16:18 02.03.2020

Садыр Жапаровдун колдоо митингинен тартылган видео. 

16:09 02.03.2020

Трибунадан чыгып сүйлөгөндөрдүн аягы жакында үзүлчүдөй эмес. Облустардан тышкары, райондордон келдик деген жарандар чыгып сүйлөп жатат. Алардын бир тобунун кайрылуусу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатышканын угууга болот. 

16:04 02.03.2020

Аянтта тургандар Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылганды улантып, кыйкырып жатканын угууга болот. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, уюштуруучулар тынчтыкты сактоону талап элге улам кайрылууда. Сабырдуулукка чакырышты. 

15:57 02.03.2020

Ак үйгө барып келгендердин ичинен Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров сүйлөп, президенттик аппараттан үч күн күтүп турууну сунуштагындыгын айтты. Муну уккан эл нааразы боло баштады. Топтун арасынан кыйкырган үндөр угулууда. 

15:38 02.03.2020

Президентке жолугууга баргандарды Ак үйгө киргизишкен жок.
Президенттик аппараттын Кайрылуулар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Саякбай Субанов чыгып президенттин атынан кайрылуусун угуп, жеткире турганын айтты. Бирок буга алар макул болушкан жок. Жээнбековдун өзү кабыл кылышын талап кылып, көпкө чейин талашып тартышты. Натыйжада Субанов Садыр Жапаровдун иниси Сабырды жана эки аксаксалды кабыл алышын сурап көрөрүн айтты. Ошентип Ак үйгө келгендер саат 17.00гө чейин жооп күтөрүн айтып,  артка кайтышты.

15:21 02.03.2020
14:56 02.03.2020

Митингчилерден 10 өкүл президентке кирүүгө жөнөп кетишти. Мамлекет башчы кабыл аларын айткан эмес, бирок алар "Ак үйгө барып, кабыл алуусуна киргенге аракет кылабыз",- дешти.

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:30 02.03.2020

Митингдин расмий башталганына 1,5 саат болду. Акция негизинен тынч өтүүдө. Милиция абалга көз салып турат. Уюштуруучулар чогулгандарды ар кыл чагымчыл кадамдарга алдырбоого, коомдук тартипти сактоого чакырды.        

Кыргызстандын ар бир облустарынан, райондорунан келдим деген кыргызстандыктар сүйлөп жатат. Алардын бир даары Жапаравдун акталышын талап кылса, алардын кээ бирлери азыркы бийликти сындап, бир топ көйгөйлөрдү көтөрүштү.  

14:28 02.03.2020

Трибунага кайрадан ырчы Сагымбек Момбеков  чыгып, "Сат, сат" деп аталган ырын аткарып жатат. 

14:12 02.03.2020

Трибунада митингге келгендер сүйлөп, аны бир даары туруп, бир катары отуруп угуп жатышат. Андан сырткары аянтта басып  жүргөндөр да кездешет. Автотранспорт кыймылы үзгүлтүккө учураган жок. 

13:26 02.03.2020

Митингчилердин алдына чыгып ырчы Сагымбек Момбеков комуз менен ырдады.  

13:21 02.03.2020

"Ала-Тоодо" сөз берилип сүйлөп, өзүн Талас облусунун өкүлүмүн деп атаган киши президент Сооронбай Жээнбековдон тогуз кишин кабыл алууну суранды.

Алардын арасында Садыр Жапаровдун агасы, ЖКнын мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин бар экендигин айтты. 

13:17 02.03.2020

Митингге чыгып сүйлөгөн экс-депутат Жылдыз Жолдошева бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгонун айтты.

"Адвокаттардын кайрылуусун президенттин өз колуна бердим. Ал укук коргоо органдарына мыйзам талаасында иш жүргүзүүнү тапшырарын айтты", — деди ал.

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:07 02.03.2020

Митингди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев алып барууда. Уюштуруучулар сүйлөгөн кишилерге үч мүнөттөн ашык сөз берилбей тургандыгын айтышты. Чогулган эле "Садыр Жапаровго боштондук" деп "Ала-Тоо" аянтын жаңыртып кыйкырып жатышат. Сүйлөгөндөрдүн бири президент, Сооронбай Жээнбековго ошол жерден туруп кайрылып, Садыр Жапаровго боштондук берүүнү суранды.  

 

12:57 02.03.2020

Митинг өтүп кеткен ата-бабалардын арбагына багышталып куран окуу менен башталды.

12:52 02.03.2020

Садыр Жапаровдун тарапташтары ушул плакаттын ээлери менен урушуп кете жаздады

12:49 02.03.2020

Чүй проспектисиндеги кыймылдын көрүнүшү.

12:43 02.03.2020

Ал арада ортодо жаңжал чыкты. Нааразы болгон топ ЛГБТ плакаттары менен келгендерди топтон четке сүрүп чыгарышты. Алар менен айтышып кетишип, көптөрү Разаков көчөсүн көздөй чуркашты. Ал эми топтолуп тургандардын тартибин тескеп башчылары көпчүлүктү сабыр кылууга чакырды. 

12:38 02.03.2020

Ар кыл эсептөөлөргө караганда "Ала-Тоо" аянтына 500-1000 чамасында киши чогулду.

 

 

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
12:34 02.03.2020

Бүгүнкү митингге кичинекей баланы алып келишкен.

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Ал азыркы бийликке нааразы экендигин айтып, "Садыр Жапаров авасын бошотууну талап кылган".

12:19 02.03.2020

Митингге чыккандар үн күчөткүч менен сүйлөп баштады. Трибунага чоочун адамдарды өткөрбөй өзүлөрүнүн түзүлгөн кошуун тизилип турат.

12:12 02.03.2020

Аянтта жайгашкан Чүй проспектисинде автокыймыл токтогон жок. Жол чийиндерине автоинспекторлор туруп кырдаалды жөнгө салып жатат.

11:59 02.03.2020

Бүгүнкү митингди уюштуруучуларынын бири Бакай Кашкарбаев бийликке Садыр Жапаровду бошотуудан башка дагы 20дай талап коюларын айтты.

Алардын ичинде Сот реформасы, чек ара маселеси, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу, анын ичинде коронавирус боюнча абалды көзөмөлгө алуу деп бир азын санап берди. 

11:54 02.03.2020
Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:48 02.03.2020

Митингге чогулгандардын ичинен башка талаптарды плакатка жазып алгандар чыкты.

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:35 02.03.2020

Садыр Жапаровдун штабынан анын элге кайрылуусунан улам тарапташтарынын көбү митингге чыкпагандыгын айтышты.

"Бул жакка негизинен айылда жашагандар келишти. Кыязы, аларга маалымат жетпей калса керек", — деп айтышкан биздин кабарчыга алар.

Азыр аянтка болжолдуу түрдө 250дөн ашуун киши чогулду.

11:31 02.03.2020
11:27 02.03.2020
Митинг на площади Ала-Тоо в поддержку Садыра Жапарова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Желек көтөрүп, топтошкан кишилер "Ала-Тоонун" чок ортосуна келди. 

11:25 02.03.2020

Аянттагы кишилерден өзгөчө кадамдар байкалган жок. Ал арада биотуалеттер орнотулууда. 

11:24 02.03.2020

Аянтка 200гө чукул киши чогулду. Алар учурда атайын аппаратураларды орнотуп жатат. Чогулгандардын арасынан аялдарды көрүүгө болот. Эркектердин жаш курагы 30-45 чамасында.

11:17 02.03.2020
11:09 02.03.2020

Интернет айдыңына Садыр Жапаровдун митингге чыга турган тарапташтарына каты жарыяланды. Аны жактоочу Токтосун Шарабидинов өзүнүн баракчасына койду. 

"Мага жеткизген маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетуучу кучтор пайда болуптур. Мен учун бир адамдын мурдунан кан чыкканын каалабаймын",  - деп айтылган. 

11:07 02.03.2020

Борбордук аянтта митингге чыккандардан башкалардын да кыймылы токтогон жок. Чүй проспектиси менен автоунаалар каттап жатат. 

11:05 02.03.2020
Митинг на площади Ала-Тоо в поддержку Садыра Жапарова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

"Ала-Тоо" аянтына чогулгандар улам көбөйүүдө. 

11:04 02.03.2020

Чогулгандардын башчысы тазалыкты, коомдук тартипти сактоого чакырып, митингди башка жарандарга жолтоо болбой тынч өткөрүү керектигин эскертти.

11:01 02.03.2020

Болжол менен 30дан ашуун адам келди. Алар азырынча уюштуруу иштерин талкуулап, плакаттар жана аларды илүү, кармап туруу иштерин сүйлөшүүдө. Бул иш менен негизинен жаштар алек болуп жатканын байкоого болот. 

10:57 02.03.2020

"Ала-Тоо" аянтына жана анын чет жакасына келген адамдардын саны өсө баштады. Жаштар Кыргызстандын желегин көтөрүп келип, "Илбирс" имаратынын капталына, тепкичтерге сая башташты.  

10:40 02.03.2020

Садыр Жапаровду колдоо митингине чыга тургандардын алгачкы тобу "Ала-Тоо" аянтына келе башташканын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз билдирди. Алардын арасында жаштар, аялдар, аксакалдар бар экендигин айтты. 

Обстановка на площади Ала-Тоо в связи с предстоящими митингами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:17 02.03.2020
Обстановка на площади Ала-Тоо в связи с митингами - Sputnik Кыргызстан

Учурдагы "Ала-Тоо" аянтынын көрүнүшү. 

10:12 02.03.2020

Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан Бишкекке кирип келе жатканда кармашкан. Буга анын Кум-Төр маселесине байланыштуу байланыштуу митинги себепкер болгон. Ага Кылмыш Кодексинин төрт беренеси менен иш козголгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутатын кишини барымтага алды деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Сот 2013-жылдын 7-октябрында Жапаров уюштурган Караколдогу митинг учурунда анын катышуучулары өкмөттүн ошол кездеги өкүлү Эмил Каптагаевди автоунаага күч менен түртүп киргизгендигин айткан.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Мамлекет башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.

Ал абакта отурган жылдары — 2017-жылы атасы Нуркожо Мустали уулу, 2019-жылы энеси Кадича Жапарова жана уулу Дастан каза болду.

 

09:54 02.03.2020

Учурда "Ала-Тоо" аянты бош турат. Ал жерден Кайгуул кызматынын инспекторлорун кызматтык автоунаалары менен турганын көрүүгө болот. Андан сырткары үч эвакуатор борбордук аянтка, ал эми дагы бирөө Ак үйдүн жанында токтотулган.  

09:47 02.03.2020

Ал арада ИИМ билдирүү таратты. Анда Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти. 

"ИИМ бардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт. Ошол эле мезгилде мыйзам бузгандарга кескин чараларды көрөт. Эсибиз барда этегибизди жабуу керек, жалган маалымат таратуу менен кыргыз жергесинде жашаган бардык жарандарыбыздын коопсуздугуна шек келтирип жатасыздар. Ички иштер министрлиги коомчулукту туруксуздаштыруу боюнча чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын дагы бир жолу эскертет", — деп жазылган  министрликтин  билдирүүсүндө.

 

 

09:44 02.03.2020

Митинг "Ала-Тоо" аянтында болот деген маалыматтан улам эртең менентен тарта автоинспектролор бул жерге автоунааларды токтотууга тыюу салды. Адатта бул жерге  ошол аймаккка жумуштап келгендердин жана аянттын тегерегинде жайгашкан ишкана-уюмдарда иштегендердин автокөлүктөрү токтотула турган. 

09:38 02.03.2020

Жаздын экинчи күнү — 2-март саясий топтордун козголуусунан башталды. Борбор калаанын башкы аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтөрүн 1-мартта, Бишкек мэриясы кабарлады. Анда саясатчынын тарапташтары акция өткөрөрүн мэрияга эскерткени айтылган.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0