БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жыл башынан бери айып пулу өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн 124 транспорт каражаты атайын унаа токтотмо жайга алып келингенин ИИМге караштуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Башкармалыктын айтымында, айып пул бир айдан кечиктирилбей төлөнүшү керек. Талап аткарылбаса ЖКККБ кызматкерлери каражат төлөнгүчө автоунааны токтотмо жайга алып кеткенге укугу бар.
Жалпысынан ушул жылдын 1-январынан 27-февралына чейин 91 миң ирет жол эрежеси бузулган. Көбүнчө айдоочулар ылдамдыгын жогорулатып айдаган.