Бүгүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Кечиккендерге айып салынат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык декларациясын тапшыруу убакытта. Архив
Салык декларациясын тапшыруу убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алат. Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга беш миң сом өлчөмүндө айып салынат.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бүгүн, 2-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.

Автозаправочные станции в Москве - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө май куйган 345 станцияга автоматташтырылган система орнотулду
Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны саат 00.00гө чейин кабыл алат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга беш миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, 2-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын атамекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган четөлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0