"Кең-Булуң" менен "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекеттери жаңы режимде иштей баштады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦеремония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта "Токмок-автодорожный"
Церемония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта Токмок-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки көзөмөл өткөрүү бекети бүгүн, 2-марттан тарта, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын дагы өткөрө баштады. Мындай чечимди кыргыз-казак өкмөтү кабыл алган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Казакстан менен чектешкен "Кең-Булуң" менен "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекеттеринин макамы эки тараптуудан көп тараптууга өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 2-марттан тарта, "Кең-Булуң" (Кыргызстан) — "Аухатты" (Казакстан) жана "Токмок" (Кыргызстан) — Сортобе (Казакстан) бекеттери үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын дагы өткөрө баштады.

"Кең-Булуң" жана "Токмок" эл аралык өткөрүү жайлары адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүп жатат. Аталган жайлар күнү-түнү иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл бекеттерин көп тараптуу кылып өзгөртүү чечими "2003-жылдын 25-декабрындагы кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтүнүнүн ортосундагы макулдашуусуна" Астана шаарында 2018-жылдын 17-августунда кол коюлган өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна ылайык кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0