Милиция "Ала-Тоодогу" митингчилерди суу менен аткылап тарата баштады. Сүрөт, видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковСотрудники милиции в специальном обмундировании на площади Ала-Тоо в Бишкеке.
Сотрудники милиции в специальном обмундировании на площади Ала-Тоо в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминерлер үч күндүн ичинде митингчилердин өкүлдөрү менен Сооронбай Жээнбековду жолугуштурууга аракет кылмай болгон. Бирок акцияга келгендердин бардыгы буга макул болбой аянттан кетпей жатышат.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Милиция борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтарын суу менен аткылап тарата баштады.

Акция бүгүн, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында башталган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, митингге 1000ге чукул адам чогулган.

Буга чейин акцияга катышкандардын бири Бакай Кашкарбаев митингчилердин бир катар талаптарын санап берген:

  • Амнистия колдонуу менен Садыр Жапаровду бошотуу;
  • Сапаттуу соттук реформа жүргүзүү;
  • Насыяларды жеткиликтүү кылуу;
  • Чек ара маселесин чечүү;
  • Коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү.

Президенттин аппаратынын өкүлү митингчилер менен жолугушкан. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун айтымында, аткаминерлер үч күндүн ичинде митингчилердин өкүлдөрү менен Сооронбай Жээнбековду жолугуштурууга аракет кылмай болгон. Бирок акцияга келгендердин бардыгы буга макул болбой аянттан кетпей жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0