Сотрудники милиции в специальном обмундировании на площади Ала-Тоо в Бишкеке.

Милиция элди эмнеге кууп таратканын түшүндүрдү

861
(жаңыланган 01:18 03.03.2020)
Милиция кызматкерлери каршылык акциясына чыккандарды таратууга киришкен. Алар элди суу менен аткылап, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытышкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов милиция кызматкерлери элге "тарагыла" деген эскертүү бергенин журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, тынчтык митинги уюштурулганы менен кээ бирлердин планы такыр башка болгон.

"Уюштуруучулар башаламандыкка жол берилбей турганын убадалап, коомдук тартип сакталарын айтышкан. Бирок алар топ элди башкара албай, коомдук тартипти бузушту. Акцияга катышкандар Ак үйдү басып алышарын айтып, таш ыргытып, жолдогу эрежелерди бузушту. Уюштуруучулар менен провокаторлор жасаганы үчүн жооп берет, ошондой эле мүлкүнө зыян келтирилген жарандардын чыгымдарын толтуруп беришет", — деди Сеитов.

Ал ошондой эле аянтка Бишкек ШИИББдин жеке курамы толугу менен тартылганын белгиледи.

"Биз негизи эле провокациялар менен эреже бузууларга даяр болчубуз. Түн ичинде жана эртең элдин митингге чыгуусуна жол бербейбиз", — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-мартта, саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыкты.

Алар президенттин өзү менен жолугушууну дагы талап кылышты, бирок аткаминерлер бул маселе бүгүн эмес, үч күндөн кийин чечилерин билдиришкен. Буга нааразы болгон эл аянттан кетпей тургандыктарын айтышты.

Мындан улам милиция кызматкерлери каршылык акциясына чыккандарды таратууга киришти. Алар элди суу менен аткылап, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытышты. Көздөн жаш агызган газ дагы колдонулду. Күч органдары митингчилерди Бишкектин борбордук бөлүгүнөн сүрүп чыгарып жатканда митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, таштанды челектерине өрт коюшту. Кийин милиционерлер бир нече адамды колго түшүрдү.

Борбор калаада учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан көрүңүздөр.

861
Белгилер:
башаламандык, милиция, Садыр Жапаров, митинг, Бишкек
Тема:
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги (25)
Тема боюнча
Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты
Милиция "Ала-Тоодогу" митингчилерди суу менен аткылап тарата баштады. Сүрөт, видео
ИИМ кызматкерлери. Архив

Камчы Көлбаев кармалды

269
(жаңыланган 12:06 22.10.2020)
Көлбаевдин спорттук клубдардын биринен колго түшкөнү айтылды. УКМК ушу тапта иштер жүрүп жатканын, кошумча маалымат кечирээк берилерин белгиледи.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келингенин күч структураларындагы ишенимдүү адамдар билдирди.

Көлбаевдин бүгүн спорттук клубдардын биринен колго түшкөнү айтылды.

УКМК ушу тапта иштер жүрүп жатканын, кошумча маалымат кечирээк берилерин белгиледи.

269
Белгилер:
криминал, УКМК, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр
УКМК: кишилерди жалдап террордук максатта Сирияга жөнөткөн канал аныкталды
Бишкек шаары. Архив

Бишкекте жакынкы мүнөттөрдө катуу шамал болот. Сак болуңуз!

33
(жаңыланган 11:06 22.10.2020)
Мэрия автоунааларды дарактардын жана жеңил конструкция менен курулган объектилердин жанына токтотпоого чакырат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы мүнөттөрдө калаада катуу шамал боло турганын эскертти.

Маалыматка ылыйык, бир сааттан кийин жана күн бою батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындан улам мэрия автоунааларды дарактардын жана жеңил конструкция менен курулган объектилердин жанына токтотпоого чакырат.

Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы

Ал эми кулап калган дарактарды көргөндөр болсо "Бишкек жашыл чарба" ишканасына 0770 830006 телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

33
Белгилер:
дарактар, шамал, Бишкек, мэрия
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт