Баку шаары. Азербайжан. Архив

Азербайжанда акысыз окууга документтер кабыл алына баштады

144
Чет өлкөлүк студенттер Алимердан бек Топчубашев атындагы стипендиялык программага катышса да болот. Керектүү документтерди 2020-жылдын 5-апрелине чейин тапшыруу зарыл.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Азербайжан дипломатиялык академиясы 2020-2021-окуу жылына карата чет өлкөлүк студенттерден документ кабыл ала баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуу жай студенттерге бакалавриат жана магистратура программалары боюнча билим бермекчи.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат:

Бакалавриат программасына тапшырчулар: эл аралык мамилелер, бизнести башкаруу, экономика, социалдык мамиле, укук таануу, компьютердик сабаттуулук.

Магистратура программасына тапшырчулар: мамлекеттик башкаруу, билим берүү тармагындагы менеджмент, эл аралык мамилелер, бизнести башкаруу.

"Чет өлкөлүк студенттер Алимердан бек Топчубашев атындагы стипендиялык программага катышса да болот. Керектүү документтерди 2020-жылдын 5-апрелине чейин тапшыруу зарыл", — деп жазылат маалыматта.

Тандоо шарты, керектүү документтер боюнча кеңири маалыматты сайтынан алууга болот.

144
Белгилер:
Азербайжан, окуу, стипендия, бакалавриат, магистратура
Тема боюнча
Кыргыз кыздар чет элдиктерден эмнеси менен айырмаланат? Суктандырган жигиттин маеги
Бишкекте жумушсуз жүргөндөр акысыз окутулат. Курстардын тизмеси
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

57
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

57
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

73
19-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жекшемби күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 градуска жетет.

73
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Себеби