Митинг катышуучусу. Архив

Мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге кызыкдар

121
(жаңыланган 10:34 03.03.2020)
Муниципалитет сотко кайрылып, Бишкектин чок ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салдыруу ниетинде. Анын себеби кечээги митинг жана коронавирус профилактикасы экенин айтууда.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Өткөн окуялардан жана коронавирус профилактикасынан улам мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылганы турат. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Бишкек мэриясы кечээ, 2-мартта, болгон митингди массалык башаламандык деп баалады.

Алар көчөлөрдү тосуу, милиционерлерге кол салуу жана Ак үйдү басып алуу аракеттери болгондугун айтты. Андан сырткары, бизнесмендердин мүлктөрү талкаланып, шаарды жашылдандырган элементтер жок болгонун кошумчалады. Учурда чыгымдын көлөмү аныкталууда.

"Митингдин уюштуруучуларына өлкөдөгү абалды туруксуз кыла турган башаламандык керек болду. Мунун баары шаардыктарды кооптондуруп, туристтерди, бизнести чочутат. Башаламандык, опузалоо, өзү билемдик жана анархия болгон көйгөйлөрдү ого бетер тереңдетет жана трагедия менен аяктайт. Мындай окуялар бизде мурда болгон. Аны бишкектиктер жакшы эле түшүнөт деп ойлойбуз", — деп билдиришти мэриядан.

Шаар башкармалыгынан уюштуруучулар менен тынчтык митингин өткөрүп, тарап кетүү боюнча келишим болгондугун айтышты. Бирок демонстранттар өздөрүнүн кылыгынан улам милицияны күч колдонууга мажбурлады деп кошумчалашты. Шаар бийлиги милициягы ыраазылык билдирген.

Жапаровду колдогондордун кууп таратылган митинги

2020-жылдын 2-мартында экс-депутат Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылганда Бишкек шаарынын чок ортосунда митинг өткөргөн. Саат 10дордон тарта эле чекесинен чогулуп отуруп, митинг 13:00 чамасында башталган. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппараттын кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген. 

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган. Эл каршылык көрсөткөнү менен күчү жетпей качып жөнөгөн. Алардын кээ бирлерин милиция кармап кеткен. Ал эми митингдин уюштуруучулары болгон Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду, Каныбек Осмоналиевди жана Амангелди Артыковду УКМК кармаган.

Митингчилер кантип кууп таратылганы Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясында кеңири баяндалган.

121
Белгилер:
Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаров, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Качпагыла! Милициянын митингчилерди үйлөрдү аралата кууган видеосу
Садыр Жапаровдун агасы менен Каныбек Осмоналиевди УКМК кармады
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

91
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

91
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Бишкектеги Кыргызфильм киностудиясын имараты. Архив

"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды

81
(жаңыланган 15:24 22.10.2020)
Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Новый директор национальной киностудии Кыргызфильм имени Т. Океева Акжолтой Бекболотов
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген "КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" жобонун 13-пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды",— деп жазылат маалыматта.

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

81
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, кызмат, Кыргызфильм
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

7
(жаңыланган 20:42 22.10.2020)
Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

7
Белгилер:
Станислав Зась, жолугушуу, ТИМ, Руслан Казакбаев, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады