Туу астында бирге болуубуз абзел. Жээнбеков элди байрак күнү менен куттуктады

Жазылуу
Мамлекет башчы куттуктоо менен бирге элге чың ден соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн каалаган. Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, байрак мекенге болгон атуулдук сезимди чагылдырып турган символ экендигин билдирди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди чагылдырып турган символ. Байрагыбызда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган. Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келе жаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел", — деп айтылат маалыматта.

Ал куттуктоо менен бирге элге чың ден соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстанга өсүп-өнүгүү каалаган.

Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

Сооронбай Жээнбеков на открытии перекрестного года КР и России - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбековдун Кремлде сүйлөгөн сөзү. Видео
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Аны Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.

Эгемендүү Кыргызстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөн тарыхтын, бекем биримдиктин символу.

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү элде айтылган "төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0