Бишкек менен Ошто Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Сүрөт

Жазылуу
Эки калаанын тургундарын шаардык кеңештин төрагалары, мэрлер, мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттукташты.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

© пресс-служба мэрии города БишкекПразднование Дня государственного флага КР в Бишкеке
Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди
© пресс-служба мэрии города БишкекПразднование Дня государственного флага КР в Бишкеке
Жарандарды майрамы менен мэр Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттуктады - Sputnik Кыргызстан
2/5
Жарандарды майрамы менен мэр Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттуктады
© © Sputnik Празднование Дня государственного флага КР в Оше
Ал эми Ош шаарында аянтка 15 метрлик желекти аскерлер көтөрүп чыгышты - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ал эми Ош шаарында аянтка 15 метрлик желекти аскерлер көтөрүп чыгышты
© © Sputnik Празднование Дня государственного флага КР в Оше
Салтанаттуу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, аскерлер жана активисттер катышты - Sputnik Кыргызстан
4/5
Салтанаттуу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, аскерлер жана активисттер катышты
© © Sputnik Празднование Дня государственного флага КР в Оше
Эгемендүү Кыргызстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Эгемендүү Кыргызстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген.
1/5
Бишкекте Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү белгиленди
2/5
Жарандарды майрамы менен мэр Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттуктады
3/5
Ал эми Ош шаарында аянтка 15 метрлик желекти аскерлер көтөрүп чыгышты
4/5
Салтанаттуу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, аскерлер жана активисттер катышты
5/5
Эгемендүү Кыргызстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген.

Иш-чара мамлекеттик символдун 28 жылдыгына карата уюштурулду. Жарандарды майрамы менен мэр Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттуктады.

Ал эми Ош шаарында аянтка 15 метрлик желекти аскерлер көтөрүп чыгышты. Салтанаттуу аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, аскерлер жана активисттер катышты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туу астында бирге болуубуз абзел. Жээнбеков элди байрак күнү менен куттуктады
Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Аны Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.

Эгемендүү Кыргызстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөн тарыхтын, бекем биримдиктин символу.

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү элде айтылган "төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0