Күн сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПоследствия ледяного дождя в Москве
Последствия ледяного дождя в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 5-марттан 7-мартка чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Көпчүлүк аймактарда 5-март күнү күндүз жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. 6-7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 2…7 градус суук болушу ыктымал.

Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө 4…9 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4 градустан +1 градуска чейин, күндүз +6…+11ден тарта тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2 градустан +3 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3 градустан +2 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми күндүз -3…-8 градус болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0