Үй-бүлөмдүн каргашалуу тарыхын угуп Кыргызстанга ашыктым. Чечен айымдын маеги

© Sputnik / Максат ЭлебесовГрозныйдын тургуну Лейла Умалатова
Грозныйдын тургуну Лейла Умалатова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грозныйдын тургуну Лейла Умалатова Ош шаарында бир жыл жашады. Биздин өлкөгө эмне максатта келгенин ал Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

Лейла Умалатова — "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунун кызматкери. Бир жыл бою ал Ош калаасында кургак учуктун дарыга туруктуу түрүн дарылоого кол кабыш кылды. Чечнянын жараны Кыргызстанда бош орун бар экенин укканда бир мүнөт да буйдалган эмес...

— Биздин мамлекетке кандайча келип калдыңыз?

— Мурдатан эле бир көрсөм деп кыялданып жүрчүмүн, себеби менин үй-бүлөмдүн таржымалы Кыргызстан менен тыгыз байланышкан. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Улуу Ата Мекендик согуш убагында республикага көптөгөн чечендиктерди сүрүшкөн: эч кандай негиз болбосо да бийлик алар душмандардын тарабына өтүп кетет деп чочулаган. Ошондон улам менин айрым туугандарым бул жакта төрөлгөн экен. Эч бир оокат албай, колдорунда эч нерсеси жок келишкенин эскерип калышат... Эч нерсеге карабай жергиликтүү тургундар жаңы келген элди жылуу кабыл алып, жардамын аяшпаптыр. Дал ошондой жылуу мамиле алардын мекенге болгон кусалыгын бир аз азайткан.

Кыргызстанга келгени бир кызык нерсени билдим. Апам "Чүй станциясындай шамал урат" деп айта берчү. "Чүй станциясы" эмне экенин сураганымда билбей турганын моюнга алып, "улуулар дайым ушинтип айтышар эле" деп койчу. Чүй облусу тууралуу, катуу шамал болуп турарын бул жакка келгени билдим. Үйгө эс алууга барып келгенимде апама бул кептин кайдан чыкканын айтып бердим.

Чындыгында биз кыргызстандыктардан көп нерсени алыппыз, мисалы, үйдө манты, палоо, бешбармак жасайбыз. Бул өлкөгө келгенимде баары жакын, айланамдагыларды мурдатан билгендей эле болдум.

© Sputnik / Максат ЭлебесовГрозныйдын тургуну Лейла Умалатова: Чындыгында биз кыргызстандыктардан көп нерсени алыппыз, мисалы, үйдө манты, палоо, бешбармак жасайбыз. Бул өлкөгө келгенимде баары жакын, айланамдагыларды мурдатан билгендей эле болдум.
Үй-бүлөмдүн каргашалуу тарыхын угуп Кыргызстанга ашыктым. Чечен айымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Грозныйдын тургуну Лейла Умалатова: Чындыгында биз кыргызстандыктардан көп нерсени алыппыз, мисалы, үйдө манты, палоо, бешбармак жасайбыз. Бул өлкөгө келгенимде баары жакын, айланамдагыларды мурдатан билгендей эле болдум.

— Сапарга кантип даярдык көрдүңүз?

— Элдин баарындай эле "Гуглду" ачтым. Оштун сүрөттөрүн карап чыктым, Кыргызстандын экинчи шаары экенин билдим, "Манас" эпосу боюнча окудум...

Аялдар кандай кийине турганын билүүгө тийиш элем. Калктын басымдуу бөлүгү мусулман экенин билчүмүн, бирок ар бир өлкөнүн өз жүрүш-туруш эрежелери болот эмеспи.

— Менин жеке пикиримде, Чечняда аял кишинин иштешин коом жактырбагандай эле...

Учитель в бишкекской школе из Южно-Африканской Республики Джо Лабускахне - Sputnik Кыргызстан
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири
— Жок, бизде да кыздар Кыргызстандагыдай эле билим алып, иштешет. Мисалы, мен өтө эле жаш кезимден тарта иштей баштадым. Ошол убакта Чечняда баарыңыздарга белгилүү болгон окуялар күч алып турган (кеп Чечня согушу жөнүндө — ред.), Грозныйга биз 1995-жылы кайттык. Биздин ооруканада француздар иштеп жатканын кулагым чалды, дал ошол маалда француз тилин үйрөнүп жүргөм. Тилди өрчүтүү үчүн мени аларга алып барууга атамды көндүрдүм. Француз доктурларын карап коюп тура бердим. Көзүмдү албай карап жатканымды байкап мени сөзгө тартышты. Аларга котормочу болууну сунушташты, бирок мен атамдан уруксат албастан макулдугумду бере албайт элем. Чечендерде эреже катуу сакталат: кыз атасынан уруксат сурабастан мындай чечимди кабыл ала албайт. Атам эмне кыларын билбей, акыры мени аларга кошуп берди. Ошентип "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунда иштеп калдым.

— Кыргызстанга келгенде маданий дендароого кабылган жоксузбу?

— Мени таң калтырган нерсе деле болгон жок, акыры баарыбыз СССРден чыккандарбыз го. Дин жаатында деле мага көп жагынан Чечнядагы турмушту эске салат. Бирок Кавказда калк кызуу кандуу, эмоционалдуу, ал эми кыргызстандыктар абдан тынч, жумшак жана баамчыл келишет экен.

Кандай десем туура болорун билбейм, бирок азыр Грозный — башынан өткөргөн окуялардан кийин кайра курулган таптакыр жаңы шаар. Ал эми Ош мага балалыгымды эске салды. Мисалга, бир үйдүн дубалынан олимпиадалык мамалакты көрүп калдым, ичим ушундай жылыды десеңиз.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЛейла Умалатова: Мени таң калтырган нерсе деле болгон жок, акыры баарыбыз СССРден чыккандарбыз го. Дин жаатында деле мага көп жагынан Чечнядагы турмушту эске салат. Бирок Кавказда калк кызуу кандуу, эмоционалдуу, ал эми кыргызстандыктар абдан тынч, жумшак жана баамчыл келишет экен.
Үй-бүлөмдүн каргашалуу тарыхын угуп Кыргызстанга ашыктым. Чечен айымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Лейла Умалатова: Мени таң калтырган нерсе деле болгон жок, акыры баарыбыз СССРден чыккандарбыз го. Дин жаатында деле мага көп жагынан Чечнядагы турмушту эске салат. Бирок Кавказда калк кызуу кандуу, эмоционалдуу, ал эми кыргызстандыктар абдан тынч, жумшак жана баамчыл келишет экен.

— Бизде баалар кандай экен?

— Грозныйга караганда бул жакта арзан. Ошто бир шиш шишкебек 110 рубль экени мени таң калтырды, себеби бизде аны 350дөн сатышат.

— Ошто эмне иш кылдыңыз?

— Кара-Суу районунун кургак учук кызматына колдоо көрсөттүк: персоналды окуттук, дары-дармек, керектелчү материалдарды бердик, бейтаптарга көмөктөштүк, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Кызматым боюнча долбоордун координаторумун. Эгер жалпак тил менен түшүндүрсөм, ар бирине иштин ыңгайлуулугун түзүп берүүгө тийишмин.

— Биздин айыл-кыштактарга көп барам, бизде эл кандай дарыланарын да сураштырам. Көп жерлерде врач, баланын салмагын билүүчү тараза жана дене табын өлчөгүчү эле бар фельдшердик-акушердик пункттар гана бар. Мындай шартта кургак учукту дарылоо мүмкүнбү?

Предприниматель Данияр Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Карьерам кыйрады. Жалгыз мени кетиришти... Кыргызстандык ишкердин баяны
— Тажрыйба көрсөткөндөй, кургак учукту дарылоого өзгөчө жабдыктардын зарылдыгы жок. Болгону иштин көзүн билген, бейтапка кандай суроолорду берип, дары-дармектин кыйыр таасирлерин кантип жеңүү керектигин так түшүнгөн киши керек. Айтмакчы, кыргызстандыктар дары-дармекти бекер алышат.

Кургак учукту оорукананын палаталарында эмес, амбулатордук түрдө дарылоого болот. Башкача айтканда, бейтап врачка күнүнө эки ирет келип, анын көзүнчө дарысын ичет. Дагы бир ыкма бар: бейтап үйүнөн да дары ичип, көзөмөл болушу үчүн телефонго видеого тартып докторго жөнөтүп койсо болот.

— Дарыны ичип-ичпегенин врач эмнеге көзөмөлдөйт?

— Кыйыр таасирлерин да унуткарбоо зарыл. Алардан улам бейтаптар кээде дарыларын ичкенди токтотуп коет. Дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо көпкө созулат, кээде эки жылда барып айыгат.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЛейла Умалатова: Кургак учукту оорукананын палаталарында эмес, амбулатордук түрдө дарылоого болот. Башкача айтканда, бейтап врачка күнүнө эки ирет келип, анын көзүнчө дарысын ичет. Дагы бир ыкма бар: бейтап үйүнөн да дары ичип, көзөмөл болушу үчүн телефонго видеого тартып докторго жөнөтүп койсо болот.
Үй-бүлөмдүн каргашалуу тарыхын угуп Кыргызстанга ашыктым. Чечен айымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Лейла Умалатова: Кургак учукту оорукананын палаталарында эмес, амбулатордук түрдө дарылоого болот. Башкача айтканда, бейтап врачка күнүнө эки ирет келип, анын көзүнчө дарысын ичет. Дагы бир ыкма бар: бейтап үйүнөн да дары ичип, көзөмөл болушу үчүн телефонго видеого тартып докторго жөнөтүп койсо болот.

— Жакында үйүңүзгө кайтасыз. Кыргызстандан Чечняга эмне ала кетесиз?

— Кыргыз палоосун басууну үйрөнөм! Кызыл күрүч менен сары сабизди алгач ирет ушул жактан көрдүм. Алардан да үйгө сөзсүз ала барам. Улуттук үлгүдө жасалган чыптама жана кийиз тапичке сатып алдым. Анан, албетте, бул жактагы эл жөнүндө жылуу эскерүүлөрдү жүрөгүмө сактай кетем.

Лейланын кесиптештеринин бири, зимбабвелик Херберт Мутубукинин да маегин бир карап коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0