Окуу китебине делген 33 млн. сом жок болуп кеткен. УКМК ишти иликтеп жатат

Жазылуу
Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин, Дүйнөлүк банктын ишке ашыруу бөлүмүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын, эксперттик топтун, техникалык комиссиянын жана бир нече басмаканалардын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузулганын аныктады.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура 6-класстын "География" жана 5-класстын "Табият таануу" сабактары боюнча китептерин иштеп жана басып чыгуу учурунда каражаттар мыйзамсыз сарпталып кеткенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана социалдык чөйрөдө балдар укугун коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Назгүл Жусупова билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-мартта, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүн" аттуу тегерек стол өттү.

Жусупованын айтымында, мыйзамсыз жок кылынган акчанын көлөмү дээрлик 33 миллион сом.

"Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин, Дүйнөлүк банктын ишке ашыруу бөлүмүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын, эксперттик топтун, техникалык комиссиянын жана бир нече басмаканалардын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуу белгилери аныкталды", — деди Жусупова.

Ал кошумчалагандай, аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине былтыркы жылдын февраль айында катталган. Ушул тапта бул иш УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында сотко чейинки өндүрүштө турат.

Жилищное строительство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Мүлктөр итбекер сатылган. Прокуратура профсоюздар боюнча маалымат берди
Мындан тышкары, 5-класстар үчүн "Англис тили" китебин чыгаруу учурунда дагы министрликтин айрым кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болгону айтылды. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Ошондой эле Башкы прокуратурага УКМКдан келген маалыматтарга караганда, 7-8-9-класстар үчүн китептерди чыгарууда мыйзамсыз аракеттер болгон.

Жусупованын айтымында, бул иштердин бардыгы Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынган.

Эске салсак, былтыр жыл башында Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктаган. Көзөмөл органы ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0