Кут аалам басмаканасынын башкы жетекчиси Бегайым Жапарова. Архивдик сүрөт

Эксперт: министрликтин идеясы китептеги каталарды жоюуга өбөлгө болот

405
(жаңыланган 18:23 04.03.2020)
Эксперттин айтымында, кырдаалды Билим берүү министрлиги сунуштап жаткан жаңы тартип оңдой алат. Ал тартипте окуу куралдарын басмаканалар өз каражатына чыгарып калышат да окуу куралдарынын сапаты жакшырат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан жаңы жобо Кыргызстандагы китептердин сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Бул тууралуу "Кут аалам" басмаканасынын башкы жетекчиси Бегайым Жапарова билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүн" аттуу тегерек столуна катышкан.

"Окуу китептер донорлордун айтканы боюнча даярдалат. Алар, мисалы, биз, басмаканалар, баш тарткан шарт-талаптарды коюшат. Азыркы кырдаал ошондон келип чыкты. Жакында эле Билим берүү министрлиги башталгыч класстар үчүн окуу китептерин тираждады. Мекеме бизге кайрылып, "китептерде ката жок экендиги боюнча кепилдик бергиле" деп суранды. Окуу куралдарын карап жатып биз жүздөгөн эмес, миллиондогон каталарды таптык", — деди ал.

Жапарованын айтымында, кыргызстандык басмаканалар өздөрүнүн окуу куралдарын чыгара алат.

"Мектептин окуу куралдарында улуттук баалуулуктар камтылган. Ошондуктан биз өзүбүздүн окуу китептерди башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып чыгарышыбыз керек. Басмаканалар бул идеяны ишке ашыруу үчүн бардык чечкиндүү кадамдарга барууга даяр", — деди эксперт.

Ал Билим берүү министрлигинин иштелип чыккан жобосу кырдаалды жөнгө салып, окуу куралдарындагы каталарды азайтарына жардам берерин кошумчалаган. Мекеменин жобосуна ылайык, окуу куралдары үчүн бардык жоопкерчилик басмаканалардын мойнуна жүктөлөт.

"Буга чейин жөнөкөй эле схема иштечү. Басмаканаларга кыска убакыт берип, акча төлөшчү. Ошондон улам каталар текшерилбей калчу. Эгер жобону кабыл алып калышса, басмаканалар өз каражатына китеп чыгарат. Бирок ошол эле учурда Билим берүү министрлиги сапатсыз окуу китептерин жарактан чыгарып салууга укуктуу болот. Салынган каражат жөн кетип калбаш үчүн китеп басып чыгаргандар ишин жогорку деңгээлде аткарып калышат. Жаңы жобо басмаканаларга пайда алып келбейт, бирок ошол нерсе гана кырдаалды жөнгө сала алат. Ал эми министрликте мугалимге да, окуучуга да жага турган китеп алуу мүмкүнчүлүгү болот", — деди ал.

Эске салсак, былтыр жыл башында Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктаган. Көзөмөл органы ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон.

 

405
Белгилер:
ката, окуу куралы, окуу, мектеп, билим берүү
Тема боюнча
"Кыргызстан 1-сентябрда китепсиз калышы мүмкүн" аттуу тегерек стол
Мамбетакунов: окуу китептери ар тараптуу экспертизадан өтөт