Өлкөнүн алты мектебинде кесип үйрөнүүгө багыт берген сабактар өтүлө баштады

© Sputnik / Антон Уницын / Медиабанкка өтүүШкола с кадетскими классами под патронажем МЧС России
Школа с кадетскими классами под патронажем МЧС России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш менен камсыз кылуу кызматтары мектептерге ишканалар менен карым-катнаш түзүүгө көмөктөшөт. Ишканалар экскурсияларды жасап, тармактык эксперттер менен жолугушууларды өткөрүп турмакчы.

БИШКЕК, 4-мар.— Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Өзгөн шаарларындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип үйрөнүүгө багыт берген сабактар өтүлө баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул пилоттук долбоор. Ага төрт шаардын алты мектеби кошулган.

"Бүтүрүүчүлөргө иш менен камсыз кылуу кызматтары, муниципалитеттер (өзүн-өзү башкаруу органдары), жогорку окуу жайлар, орто кесиптик билим берүү окуу жайлары, жаштар уюмдары, ишканалар, иш берүүчүлөр жардам беришет. Мисалы, иш менен камсыз кылуу кызматтары мектептерге ишканалар менен карым-катнаш түзүүгө көмөктөшүп, бүтүрүүчүлөрдүн шык-жөндөмүн текшерген тестирлөө жүргүзөт. Кесиптик окуу жайлар чеберчилик сабактарды өтсө, университеттер ачык эшиктер күндөрүн уюштурат. Ишканалар экскурсияларды жасап, тармактык эксперттер менен жолугушууларды өткөрмөкчү", — деп жазылат билдирмеде.

Окуучулар жана жаштар үчүн мындай долбоор 2017-2018-жылдары Каракол, Бишкек, Нарын жана Талас шаарларында ишке ашырылган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0