Балдарды элине кас кылбайлы! Депутаттар митингчилерди сындады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК 6 созыва Бакирдин Субанбеков
Депутат ЖК 6 созыва Бакирдин Субанбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ата-энелерди баласын чыныгы мекенчил болууга, эл-жерине ак ниет кызмат кылууга тарбиялоого чакырды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Депутат Бакирдин Субанбеков парламентте 2-мартта митингге чыккандарды сындап, башаламандыктын видеосун көрсөттү.

Эл өкүлү коронавирустан улам бир айдан бери чек аралар жабык турганын айтып, мунун айынан казынага түшчү киреше азайып жатканын белгиледи. Эгер мындай тартип бузуулар улана берсе, бюджет чыгымга учурап, маяна, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында төлөнбөй каларын эскертти.

"Чет элдиктер саламаттык сактоо жана экономика маселелери менен алектенип жатса, биздин жарандар жашоого кайдыгер мамиле кылып, бирөөнүн тилине кирип тегерегиндеги элди сыйлабай, мүлктөрдү талкалап, маданиятсыздыгын көрсөтүүдө. "Жаз — жарыш, күз — күрөш" дегендей, эл өз камын көрүп жатат, бирок чагымчыл топтор башаламандык уюштурууну көздөп турушат. Ошолорго биздин балдарыбыз ээрчиме курал болгону аябай өкүндүрөт", — деди Субанбеков.

Ошондой эле ал коомдук тартипти камсыз кылган милицияны элге душман кылбоо керектигин белгилеп өттү.

Кыргызской Республикасыны президенти Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңеш учурунда. 24.01.2020 - Sputnik Кыргызстан
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
"Кыргыз милициясы эки революцияны баштан өткөрдү. Миңдеген митингде элдин коопсуздугун, мамлекеттин тынччылыгын сактап жүрүшөт. Чынын айтканда, милиция жетим баладай жалтаңдап, чечкиндүү чараларды көрө албай келет. Ошондуктан акыбалын түшүнүп, колдоо көрсөтүүнү суранам. Мына, 2-марттагы митингден кийин бирибиз тойго, бирибиз үйгө кеттик. Ушул милиция кызматкерлери таң атканча коопсуздукту сактап жүрдү. Мындай окуялардан кийин бизге кайсы турист келет? Алар жарым жыл алдын ала кайда барарын пландайт, минтип жатсак чочуп башка жакка кетет да", — деди депутат.

Соңунда ал ата-энелерди баласын бирөөлөрдү ээрчитип элине кас кылбай, чыныгы мекенчил болууга, эл-жерине ак ниет кызмат кылууга тарбиялоого чакырды.

Бишкектеги митинг

Эске салсак, 2-мартта саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан.

Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция митинг учурунда ЖК кызматкерлерине кол көтөргөн аялдарды издеп жатат
Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган

Милиция кечинде массалык башаламандыкка алып келген митингдин 166 катышуучусун кармап, түнү менен 162син кайра коё берген. Ал эми УКМК митингдин уюштуруучулары Каныбек Осмоналиев менен бирге Д.А. аттуу адамды кармап, тергөө абагына киргизди.

Башаламандык учурунда укук коргоо органдарынын 19 кызматкери жана үч жөнөкөй жаран ооруканага кайрылган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0