Депутат: Айсулууга белекке кызматтык батир берилген, кийин тартып алынышы мүмкүн

Жазылуу
Депутаттын айтымында, өлкөгө өзгөчө салым кошкон белгилүү адамдарга тартууланды делген турак жайлар кызматтык батир катары берилген.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага белек делген батир кызматтык турак жай катары берилген. Бул туурасында депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "КР Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап, демилгечилердин бири Бекешев баяндама жасады.

"Бизде дайыма спорт, маданият тармагындагы белгилүү адамдарга мамлекет тарабынан белекке батир тапшырылат. Акыркы жолу балбан Айсулуу Тыныбекова алды, мурда бильярдчы Каныбек Сагынбаев, эң узун киши Жеңиш Райымбаев алган. Аны президент, премьер-министр да белекке бердик деп айтышат. Бирок мыйзам боюнча кызматтык батир деп айтылат экен. Эгер бирдеке болуп кетсе, үй-бүлөсүн чыгарып, батирди мамлекет өзүнө алып коёт. Демек, бул батирлерди менчиктештирүүгө уруксат бериш керек", — деди Бекешев.

Ошондой эле ал бүгүн сунушталган мыйзам долбоору спорт, маданият ишмерлери өлкөгө өзгөчө салым кошкону үчүн белекке алган турак жайларын приватташтырууга жол берерин белгиледи.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0