Үйлөнүү үлпөтү. Архив

Үйлөнгөндөрдүн саны ажырашкандарга караганда көбөйдү. Ош биринчи орунда

522
(жаңыланган 18:20 04.03.2020)
Бекем үй-бүлө Ош шаары менен Нарын, Талас облустарында экендигин айтышты. Бул жактарда мындан ары чогуу жашай албайбыз деп арыз берген жубайлардын саны 500дөн ашкан эмес.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылы никеге тургандар Ош жана Жалал-Абад облусунда арбын катталган. Ал эми жалпы алганда үйлөнгөндөр ажырашкандардан көп болгондугун Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда былтыр 49 миң түгөй үйлөнгөн.

Биринчи сапта Ош (11,5 миң), Жалал-Абад (9 миң) турса, андан кийинки орунга Бишкек шаары (7 миң) чыккан.

Чүй дубанында 6,5 миң жаңы үй-бүлө пайда болуп, тизмеде 3-орунду ээлеген.

Орточо көрсөткүч Баткен (4 миңден ашуун), Ысык-Көл (3 миң) аймактарында катталган. Эң аз үйлөнгөндөр Нарын (1,7 миң) менен Талас (1,6 миң) облусуна туура келет. Ош шаарында эки миңге жакын түгөй турмуш жолуна аттанган.

"Бул аралыкта кыйылган никелердин саны ажырашууга караганда басымдуулук кылган. Эки башка жолду тандагандыгын айткан 10 миңден ашуун түгөй арыз менен кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Ажырашкандар боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусу биринчи орунга чыгып, 2 000ге чукул үй-бүлө бузулган. Андан кийин эле Ош менен Жалал-Абад облустары катталган.

Бекем үй-бүлө Ош шаары менен Нарын, Талас облустарында экендигин айтышты. Бул жактарда мындан ары чогуу жашай албайбыз деп арыз берген жубайлардын саны 500дөн ашкан эмес.

Орточо көрсөткүчтү Ысык-Көл менен Баткен чапчыган, тагыраагы, отубуз күйүшпөй калды деген 900 түгөй арыз жазууну чечкен.

 

522
Белгилер:
статистика, нике, ажырашуу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда 142 эркек ажырашкан аялына алимент төлөтүп жатат
Эртең мененки тамак. Архивдик сүрөт

Эртең мененки тамактын курамында эмне болушу зарыл. Адистин кеңеши

13
(жаңыланган 09:22 13.08.2020)
Адистин айтымында, эгер белок жетиштүү көлөмдө болбосо углевод менен майдын нормасы ашып кетип, организмди ашкере зыянга учуратат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Эртең мененки тамактын курамында белок да, углевод да болгону жакшы. Бул тууралуу диетолог Юлия Чехонинанын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Адистин пикирине караганда, нанүштө көндүм болгон бир эле эмес, ар кыл даамдан турганы оң.

Эт жегендер менен андан баш тарткандардын кимиси узак жашайт. Адистин аныктамасы

"Углеводдон адам күч-кубат алат, бирок белок да сөзсүз болушу керек. Белок жетишпесе организм углевод менен майга толот", — деди Чехонина.

Диетолог мындай көрүнүш адамдын семирип кетүүсүн шарттай турганын кошумчалады.

13
Белгилер:
диетолог, организм, белок, тамак
Тема боюнча
Окумуштуулар диабет илдетине чалдыккандарга пайдалуу тамактарды сунуштады
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы
Оштогу Кайгуул милициясы. Архивдик сүрөт

ИИМ Бишкек менен Ошто Кайгуул милициясына талапкерлерди тандоодо

18
(жаңыланган 09:04 13.08.2020)
Сынактан өткөндөр Бишкекте ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаарында ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматына (МКК) талапкерлерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган долбоордун стратегиясы жана пландары мамлекет башчынын сунушу менен жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүгүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан аныкталган.

Туристтик сезон маалындагы ИИМдин милдеттери жана байланыш телефондору

Долбоордун максаты — милиция кызматкерлерине жарандардын ишеним көрсөтүүсүн камсыздоо жана ЖКККББ менен МККнын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу болуп саналат.

"2020-жылдын 10-августунда Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кабыл алуу боюнча сынактын 5-туру (тестирлөө) жыйынтыкталды. Анда 223 талапкер өтүп, 22 адам өтпөй калган. Ал эми 24-25-августта норматив тапшырып, андан өткөндөр 27-28-август күндөрү маектешүүгө барышат. Ош шаарынын Кайгуул милициясына 497 талапкер арыз таштаган. Анын ичинен 264ү жөнөкөй жарандар. Алар 13-августта тестирлөөдөн өтүшөт. 18-19-август күндөрү норматив тапшырып, андан өткөндөрдү комиссиянын маектешүүсү күтөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сынактарды өткөрүүнүн шарттары бардык катышуучуларга бирдей.

Бишкек шаары боюнча сынактан ийгиликтүү өткөндөр ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаары боюнча ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.

Окуунун жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларынын Жол кайгуул кызматы башкармалыгында кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.

18
Белгилер:
иш, тандоо, окуу, талапкер, милиция, ИИМ
Тема боюнча
Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео
Бишкектин Кайгуул милициясына 20 жаңы унаа берилди. Сүрөт
Ош шаарында Кайгуул милиция кызматына кабыл алуу башталды. Талаптар