Ымыркай. Архив

Былтыр Кыргызстандын кайсы аймагында канча бөбөк төрөлгөн? Сандар

117
(жаңыланган 14:33 05.03.2020)
Чет өлкөдө жарыкка келген кыргызстандык бөбөктөр боюнча маалымат жарыяланды. Ымыркайлардын көбүрөөгү Түркия менен Түштүк Кореяда төрөлгөн.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынын ичинен 2019-жылы балдар Ош менен Жалал-Абад облустарында көп төрөлгөн. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Ал эми ымыркай аз туулган аймак Талас (6009) менен Нарын (6039) экени аныкталды. Бишкек шаарында былтыр 29630 ымыркай жарыкка келген.

Баткенде 15 498, Ысык-Көлдө андан азыраак, 10574 наристе төрөлгөн.

Ошентип кыргызстандыктардын санын көбөйтүү боюнча сап башына Ош (48952) менен Жалал-Абад (32272) аймактары чыкты.

Дагы бир кызык факт, чет өлкөдө жарыкка келген бөбөктөр боюнча маалымат жарыяланды. Түркияда 54, Түштүк Кореяда 52, АКШ, Канада, Швейцария менен Сауд Аравиясында 30га чукул кыргызстандык ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.

Буга чейин Кыргызстанда ымыркайларга берилген сейрек ысымдар жөнүндө кабар жарыяланган.

 

117
Белгилер:
төрөт, бөбөктөр
Тема боюнча
Океан, Лексус... Кыргызстанда ымыркайларга коюлган сейрек ысымдардын тизмеси
Facebook соцтармагы. Архивдик сүрөт

Facebook расизмге каршы аракет көрө баштады

3
Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын жазды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өзү негиздеген социалдык тармак расалык теңчилик боюнча жаңы саясат баштаарын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

"Биз расалык теңчиликке үгүттөө  боюнча жаңы кадамдарды таштай баштадык. Албетте, АКШдагы жана дүйнөдөгү улутчулдукту жана теңсиздикти жеңүү кыйын, бирок биз бул нерсеге кичинекей болсо дагы салым кошушубуз керек", — деди Цукерберг.

Анын айтымында, теңсиздик, бийлик тараптан коркутуп-үркүтүү боюнча билдирүүлөргө карата жаңы талаптар жана жоопкерчилик иштелип чыгат.

"Компаниянын азыркы саясаты деле зордук-зомбулукка жол бербейт. Кайсы бир тарапка карата зомбулук тууралуу пост болсо, аны жок кылып салуу туура деп ойлойбуз. Дагы талкуулар болуп жатат", — деди компания негиздөөчүсү.

Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын кабарлады.

Эске салсак, Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

3
Белгилер:
Марк Цукерберг, Facebook, АКШ
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд. доллар айыпка жыкты. Себеби
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

249
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

249
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео