Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар? Тизме

Жазылуу
Бишкектин мектептеринин көбүндө 1-класстын окуучуларына дайыма эле орун тартыш. Мыкты лицей-гимназиялар окуу жылы баштала элек жатып эле толуп калат.

Мектептер быйыл 1-класска канча квота берди, эң көп орун кайсы билим уясында, кайсы мектепте орун тартыш? Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушул маселенин тегерегинде материал даярдады.

Окуучулар экзамен башталышына чейин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт
Борбор калаадагы мектептер былтыртан бери иштеп жаткан электрондук каттоо системасы менен гана кабыл алып башташты.

Бул система быйыл да жеңилдеп, "микроучасток" деген баш оору алып салынды. Ата-энелер жашаган районуна карабастан, каалаган мектебине чүрпөсүн каттата алат. Бирок эртелетпесе, мектептерде орундар саналуу гана болгондуктан толуп калышы мүмкүн.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги электрондук каттоонун тартиби, жол-жобосу боюнча макаласын жарыялаган. Ата-энелер макаладан керектүү суроолоруна жооп таба алат.

Бул ирет ата-энелерге кайсы мектепте 1-класска канча орун бар экени тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Министрликтин маалыматына ылайык, эң көп квотаны №82 орто мектеп берген. Бул билим берүү уясында 1-класстын балдары үчүн 400 орун бар.

Пригородная средняя общеобразовательная школа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы мектептерде Россиядан келген 17 мугалим сабак бере баштады
№ 86,96,76 мектептерде да квота 360 болуп көбүрөөк берилген. Эң аз квотаны №61 мектеп-гимназиясы берген. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусейинованын айтымында, бул мектеп системадан бошотулган. Анткени окуу жайдын өзүнүн бала бакчасы бар. Ал жактан балдарды өз ыкмалары менен мектепке даярдашат. Бирок бул жылы алар сырттан келгендерге атайын мүмкүнчүлүк берип, 20 орун бошотушкан.

Эске салсак, электрондук каттоо 15-февралда башталган. Ата-энелер министрликтин сайтындагы "Статистика" деген бөлүмдөн ар бир мектепке канча бала катталып, канча орун калганын көрө алышат. Каттоо 15-августта бүтөт.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0