Адам өзүнүн кубанычы менен социалдык тармактарда бөлүшүүгө укуктуу.

Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири

947
Адистин айтымында, адам өзүнүн кубанычы менен социалдык тармактарда бөлүшүүгө укуктуу. Бирок ал жок нерсени бардай кылып жаза баштаганда чындап коркунуч туулат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Психолог жана "Санарип этикети" китебинин автору Любовь Черкасова РИА Новости агенттигине интернет колдонуучулар эмне себептен социалдык тармактарда мактанганды жакшы көрөрүн түшүндүрүп берди.

"Көпчүлүк учурда өзүнө толук ишенбеген, жакындарынын көңүл буруусуна муктаж болгон адамдар социалдык тармактарда өзүн абдан бактылуу көрсөткүсү келет. Алар үчүн ар бир лайк кымбат, маанилүү. Башкача айтканда, мындай кишилер коомчулуктан мактоо алып, жан дүйнөсүндөгү боштукту толтурат", — деди Черкасова.

Ошол эле учурда адис адам өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өзү каалаган нерсени жарыялай аларын, буга башкалардын кыжырланганы туура эмес экенин кошумчалады.

"Социалдык тармактардын негизги миссиясы — адамга жетишкендиктерин, кайгы-муңун же жөн гана ойлору менен бөлүшүүгө жардам берүү. Мындай учурда адам өзү үчүн эмне баалуу болсо, ошону бөлүшөт. Айрымдарга баласынын жетишкендиктери маанилүү болсо, башкаларга кымбат автоунаа же саат бакыт тартуулайт. Мындай учурда адам кубанычы менен бөлүшүүгө укугу бар. Аны жактырбагандар достуктан чыгып кетсе болот", — деди психолог.

Бирок адистин айтымында, адам өзүндө жок нерсени бардай кылып жаза баштаганда чындап эле өзү үчүн коркунуч жаралат. Мындайда психологго кайрылып көрүү зарыл экени айтылат.

947
Белгилер:
пост, психолог, социалдык тармак
Тема боюнча
Тамак чайнаба, оройлонбо, "жомок" айтпа. Телефондо сүйлөшүү этикети
Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы