Мугалимдер аттестациядан өтүп айлыгын көбөйтө алат. Суммасы

© Sputnik / Табылды КадырбековСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын 1-январынан тарта өкмөттүн жаңы токтому күчүнө кирген. Документ квалификациялык категория үчүн мугалимдердин айлыгына ай сайын төлөнө турган кошумча акынын көлөмүн аныктайт.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө аймагындагы инновациялык 30 мектептин мугалимдери аттестациядан өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аттестациядан жалпы жонунан 500 мугалим ийгиликтүү өткөн. Аларга жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар берилди.

"Аттестациядан өткөн мугалимдердин айлыгына 1000 сомдон 2000 сомго чейин кошумча акы чегерилет", — дешти министрликтен.

Эми 2020-жылдын октябрынан тарта өлкөдөгү башка мектептердин мугалимдери да квалификациялык категорияны алуу үчүн өз эрки менен аттестациядан өтө алышат.

Студенттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
Эске салсак, 2020-жылдын 1-январынан тарта өкмөттүн "Жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин квалификациялык категориясына кошумча акы чегерүү тууралуу" токтому күчүнө кирген. Документ квалификациялык категория үчүн мугалимдердин айлыгына ай сайын төлөнө турган кошумча акынын көлөмүн аныктайт.

Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрүнө аттестациялоо процедуралары, инструменттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0