Аламүдүн суусу эмне себептен жашыл түскө боёлгону айтылды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекАламудун дарыясындагы таштандылар. Архив
Аламудун дарыясындагы таштандылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыя жашыл түскө боёлуп калган видео 29-февраль күнү интернетке тараган. Бишкек мэриясы териштирүү жүрө электе эле бул видеону эмнегедир фейк деп атаган эле.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча, Аламүдүн дарыясына азык-түлүк боёгу ыргытылгандыктан суу жашыл болуп калган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Эске салсак, дарыя жашыл түскө боёлуп калган видео 29-февраль күнү интернетке тараган. Ошол эле күнү Чүй облусунун өкүлчүлүгү сууга белгисиз зат ыргытылганын маалымдаган.

Жеринде профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иштеп, куш менен балыктардын кырылганы катталбаганын аныктаган. Ошондой эле суунун, топурактын үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн.

"Белгисиз адамдар жолдун жээгине курулуш таштандысын калтырып кетишиптир. Ошол жактан дарыяга азык-түлүк боёгу төгүлүп калган. Айылдык аймактардын өкүлдөрүнө мындай көрүнүш экинчи кайталанбашы үчүн эскертүү берилди. Укук коргоо органдары болсо иш козгоду. Кошумча маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек мэриясы бул видеону эмнегедир фейк деп, төгүнгө чыгарган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0