Бишкектин чок ортосунда 4 айга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Эмиль СадыровМитинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы 2-марттагы митингди массалык башаламандык деп баалаган. Ошондой эле муниципалитет калаанын чок ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу ниетин билдирген.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 2020-жылдын 1-июлуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, аталган райондук акимиаттын 4-марттагы "Митинг, чогулуштарды, жүрүштөрдү жана башка ар кандай акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө" кайрылуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Ошондой эле мындай чектөө 21-марттагы Нооруз майрамына жана 9-майдагы Жеңиш күнүнө тиешеси жок экендиги айтылды. Бул күндөрү башкы аянтка эл көп топтолот.

Буга чейин Бишкек мэриясы 2-марттагы митингди массалык башаламандык деп баалаган. Ошондой эле муниципалитет сотко кайрылып, Бишкектин чок ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу ниетин билдирген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бийликти басып алууга аракеттенген. Каныбек Осмоналиев тергөө абагына киргизилди
Мэриянын мындай билдирүүсүнүн экинчи себеби — коронавирусту алдын алуу болгон.

Эске салсак, 2-март күнү "Ала-Тоо" аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митинг болуп өткөн. Нааразы болгондор 11,5 жылга кесилген Жапаровду бошотуп, соттук реформа жүргүзүп, насыяларды жеткиликтүү кылып, чек ара көйгөйүн чечип, ошондой эле коронавирусту алдын алчу чараларды күчөтүүнү талап кылышкан.

Кечке маал митинг көзөмөлдөн чыгып, милиция анын катышуучуларын күч менен тараткан. Натыйжада бир нече адамдын жабыркаганы айтылган.

ИИМдин маалыматы боюнча, башаламандыктан кийин шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнө 166 киши алып келинип, алардын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренелеринин ("Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине кол салды деп шектелип митингге катышкан аял кармалган. Дагы бири УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0