Кыргызстанда эки театрдын жетекчилери орун алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер театра и кино Жолдошбек Жанжигит уулу
Актер театра и кино Жолдошбек Жанжигит уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темирлан Сманбеков Нарын драма театрын 2017-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келсе, Жанжигит уулу жаш көрүүчүлөр театрына 2018-жылдын март айында директор болуп дайындалган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда орун алмашуу жолу менен эки театрдын директорлору жаңыланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун буйругу менен Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директорлугуна дайындалды.

Ал эми бул мекеменин мурдагы жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу Сманбековдун ордуна облустук театрды жетектемей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0