Эксперт: эркектер 8-мартка негизинен эки түрдөгү белек алат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБазарда гүлдөр менен турган киши. Архив
Базарда гүлдөр менен турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз-келиндердин бири-бирине берген белектеринин ичинен ден соолукка кам көргөн жана сулуулукту камсыз кылуучу товарлар биринчи орунга чыккан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россияда эркектер 8-марттын алдында негизинен эки түрдөгү — кымбат жана бир топ эле арзан белектерди сатып алышат. Бул туурасында Ozon онлайн-ритейлерине таянып, РИА Новости кабарлады.

Бул тармактагы адистер кыз-келиндер майрамынын алдында 900 миңден ашуун буюртманы жана 5,5 миллион интернеттик издөөнү анализдеп чыккан.

Анда эркектер быйыл белектерге кетирген чыгымды 2,3 эсеге, тагыраагы, 3 миң рублге (3 150 сом) чейин көтөргөнү айтылган. Былтыр бул көрсөткүч 1000 рублге аз болгон.

"Адатта, эркектер эки түрдүү — "кымбат" жана арзаныраак, 500-700 рублдин тегерегиндеги белектерди сатып алат. Экинчиси кичине кыздарга же тууган-туушкан аялзатына болушу мүмкүн", — деп айтышкан Ozon компаниясынан.

Ритейлердин маалыматына караганда, аялдар февралдын башынан тарта электроника менен спорт товарларын издешкен. Алар үйдөгү машыгууга керек болгон аксессуарлар жана кийимдер болуп чыкты. Дача жана бакчага керектүү товарлар, косметика жана чоңдор үчүн буюмдар да көп изделгендердин катарында турат.

Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
23-февралда эркектерге көп берилчү белектер аныкталды
"Эркектер белектерди таамайлап алышат. Бакчага керектүү техникаларды 160 пайызга көп буюртма беришкен. Кулакчындар, электрондук китептер 213 пайызды түздү. Анткен менен бир катар эркек жолдоштор куттуктоонун классикалык түрүнө басым коюп, атыр алышты (буюртма 268 пайызга өскөн). Алтын-күмүшкө да суроо-талап көп болууда", — деп кошумчалашты компаниядан.

Аялдардын бири-бирине берген белектеринин ичинен ден соолукка кам көргөн жана сулуулукту камсыз кылган товарлар биринчи орунга чыккан. Маселен, косметикага басым жасагандар эки эсеге өскөн. Аялдар дача буюмдарын да белек үчүн тандашарын аталган компаниянын байкоолору көрсөткөн.

Мындан сырткары, быйыл спорттук кийимдерге да басым көбүрөөк жасалган. Муну аялдар да, эркектер да белек катары сатып алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0