Жашылдандыралы! Бишкектеги көчөт саткан жайлар жана өсүмдүктөрдүн баасы

© Sputnik / Мирбек СакеновБишкектеги көчөт саткан жайлар
Бишкектеги көчөт саткан жайлар  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаз келип, табият ойгонуп жаткан маал. Адистердин пикиринде, так ушул мезгил дарак, мөмөлүү бактарды отургузууга ыңгайлуу учур. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын баасына, көчөттөр сатылып жаткан жайларга кызыгып көрдү.

Күндүн жылышы менен борбор калаада көчөт саткан жайлар өз ишмердүүлүгүн баштады. Сатуучулар тургундарга жергиликтүү жана чет элдик көчөттөрдү сунуштоодо, алардын баасы сортуна, бийиктигине жараша 50 сомдон 15 миң сомго чейин жетет.

Атайын ачылган чакан базарлардан гүлдөн тарта үйдүн айланасын жашылдандыруучу балаты, терек, түрдүү бактарды жана түшүм берген мөмөлүү өсүмдүктөрдү табууга болот. 

Көчөттүн түрү жана мөмө-жемиштүү көчөт
Жашылдандыралы! Бишкектеги көчөт саткан жайлар жана өсүмдүктөрдүн баасы - Sputnik Кыргызстан
Көчөттүн түрү жана мөмө-жемиштүү көчөт

Ал эми көчөттөрдү көп санда тигүүнү каалагандар питомниктерден ортомчусуз сатып алганы жакшы. Себеби аны менен бир топ акча үнөмдөп калууга болот. Андан сырткары, өсүмдүктөрдүн тиешелүү документтерин талап кылуу зарыл.

Бишкекте көчөттөр кайсы жерде сатылууда?

  1. 7-апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилиши
  2. Айланма жол менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилиши
  3. Асаналиев көчөсү, 3/3

Көчөт отургузуунун жол-жобосу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0