Митингдерди Бишкектин чок ортосунан башка жерде да өткөрүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитингчилер Ала-Тоо аянтында жургөн учурда. Архив
Митингчилер Ала-Тоо аянтында жургөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Бишкектин чок ортосунда митингдерди 1-июлга чейин өткөрүүгө тыюу салган. Бирок бул чечимдин Нооруз (21-март) жана Улуу Жеңиш күнүнө (9-май) тиешеси жок.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ленин райондук соту Ленин райондук муниципалдык администрациясынын аталган аймакта митингдерди, тынчтык акцияларды, жыйындарды, жүрүштөрдү өткөрүүгө 4-марттан 1-июлга чейин чектөө киргизүү өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.

Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Чечим жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана бир сутканын ичинде даттанууга болот.

"Тынчтык митинги жөнүндө"мыйзамга ылайык, тынчтык акцияларын өткөрүүгө чектөө коюлбайт. Бирок улуттук коопсуздук, коомдук тартип, элдин саламаттыгын сактоо маселеси жаралса чектөө киргизүүгө жол берилет", — деп айтылат соттун чечиминде.

Натыйжада коронавирус жана башка инфекциялык ооруларды алдын алуу максатында Бишкектеги райондук сот муниципалдык администрациянын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту Бишкектин чок ортосунда митингдерди 1-июлга чейин өткөрүүгө тыюу салган. Сот бул чечим Нооруз (21-март) жана Улуу Жеңиш күнүнө (9-май) тиешеси жок экенин маалымдаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0