Кыргызстанда үч судья мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду

© AP Photo / Jessica HillСудья балканы коюп жаткан убакытта. Архив
Судья балканы коюп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде үч судья иштен кетти. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда үч судья берген арызына ылайык, мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кызматтан төмөнкү судьялар бошотулду:

  • Сергей Кузьменко — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
  • Айнагүл Жоробекова — Нарын шаардык сотунун судьясы;
  • Адинахан Кадырова — Ош шаардык сотунун судьясы.
Жаңылыктар түрмөгү
0