Коронавирустан улам Нооруздагы көк бөрү турнири өтпөй турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы күнгө пландаштырылган спорттук иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус кооптуулугунан улам ушундай чечим кабыл алынган. Буга байланыштуу 9-10-мартка белгиленген Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми жыл сайын Нооруз майрамында боло турчу ат оюндары, анын ичинде көк бөрү боюнча республикалык турнир өткөрүлбөй турган болду.

Коронавирус тууралуу

Жыл башында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус тездик менен жайылып, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италияда күч алганы белгилүү болду. Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Ал эми Кытай менен чек аралар жабылып, авиакаттам токтотулган.

Жүргүнчүлөр мединциналык маскачан аэропортто жургөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгенин жашырган кыргызстандыктар аныкталды
Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуштап, өздүк гигиенаны сактоого чакырууда. Көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус COVID-19 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Соңку маалыматка караганда, коронавируска кабылгандардын саны 98 704 кишиге жетти. Анын 55 469у сакайып кетсе, 3 383 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0