БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда билимдүү эркектерге караганда билимдүү аялдар көптүк кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Мисалы, өлкөдөгү кыз-келиндердин орто кесиптик билимге 9,3 пайызы (эркектер 4,6 пайыз), кесиптик башталгыч билимге 7,2 пайызы (эркектер 4 пайыз), жогорку билимге 27 пайызы (эркектер 19 пайыз) ээ.
Илим жаатында дагы аялдар басымдуураак. Тагыраагы, жалпы аспиранттардын 59 пайызы аялдар болсо, докторант аялдар 62 пайызга жетет.Болгону жалпы орто билим жагынан эркектер алдыда (54 пайыз).
Ал эми аялдар менен эркектердин жалпы саны боюнча айта турган болсок, 2019-жылкы маалыматка караганда, Кыргызстанда 6 миллион 400 миң киши бар. Алардын 49,3 пайызы эркектер, 50,7 пайызы аял кишилер.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.