БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Энелерди жана балдарды коргоо мамлекеттик органдардын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосунда айтылды.
"Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет. Элибизде энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып жүрөт. Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк да асыл зат аялдарга таандык", — деп айтылат куттуктоодо.
Мындан тышкары, мамлекет башчы аялзатынын коомдук, экономикалык жана саясий турмушуна кошуп жаткан салымына токтолду.
Куттуктоосунун аягында президент аялдардын жашоо-турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Алмаз Акматов 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.