Вирус жана сасык тумоодон улам Бишкектеги эл ташыган автоунаалар текшерилүүдө

© Фото / Кристина КуманченкоТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобекеттер менен автостанцияларда жүргүнчүлөр отурган залдар, ашканалар дезинфекцияланып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Коронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МТиД КРМинистерство транспорта и дорог КР проводит разъяснительную работу среди водителей по профилактике ОРВИ и короновируса
Коронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/3
Коронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө
© Фото / пресс-служба МТиД КРКоронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө
Маалыматта автотранспорттордун дезинфекцияланганы жана айдоочулардын абалы текшерилип жатканы кабарланган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Коронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө
© Фото / пресс-служба МТиД КРМинистерство транспорта и дорог КР проводит разъяснительную работу среди водителей по профилактике ОРВИ и короновируса
Мындай көзөмөлгө оор жүктөрдү ташыган автоунаалар да алынып, анын айдоочуларына коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мындай көзөмөлгө оор жүктөрдү ташыган автоунаалар да алынып, анын айдоочуларына коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
1/3
Коронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө
2/3
Коронавирус жана сасык тумоодон улам Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө
3/3
Мындай көзөмөлгө оор жүктөрдү ташыган автоунаалар да алынып, анын айдоочуларына коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Андан сырткары, республикалык маанидеги автобекеттер менен автостанцияларда нөөмөттөгү адистер жүргүнчүлөр отурган залдарды, ашканаларды дезинфекциялап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Аял медициналык маскачан эл аралык аэропортунда жүргөн убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Таласта коронавирус жуктургандар аныкталды деген билдирүүнү төгүндөдү
Маалыматта автотранспорттордун дезинфекцияланганы жана айдоочулардын абалы текшерилип жатканы кабарланган.

Мындай көзөмөлгө оор жүктөрдү ташыган автоунаалар да алынып, анын айдоочуларына коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Ал арада "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы автоунаа токтотуучу жайда учурда тогуз автоунаа турганы кабарланды.

"Ал жердеги тогуз автоунаанын алтоо Кыргызстанга, үчөө Өзбекстанга таандык. Он алты айдоочу карантинде турат. Анын ичинен үчөө кыргызстандыктар. Өзбекстан жарандары посттун жанында жайгашкан мейманканада. Карантиндеги айдоочулардын арасынан инфекция табылган жок", — деп айтылган маалыматта.

Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Борбордук мечеттин куполу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Имамдарга коронавирустан коргонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды
Жалпысынан айтсак, 8-март күнү дүйнө боюнча эртең менен вируска кабылгандардын саны 106 034кө жетти. Алардын арасынан 3594ү көз жумуп, 59924 киши сакайып кетти.

COVID-19 коронавирусун бир күндүн ичинде дүйнө жүзү боюнча төрт миңдей киши жуктуруп алды. Алардын көбү Италия, Түштүк Корея жана Иран мамлекеттеринде экенин Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка таянып айтууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0