Кайгуул милиция кызматкери. Архив

Кайгуул милиция Бишкекте ичип алып рулга отурган 58 айдоочуну кармады

74
(жаңыланган 11:02 09.03.2020)
Милиция борбор калаада айдын алгачкы жумасында катталган жол эрежесинин бузулушу боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Март айынын алты күнүндө Бишкекте 2078 жол эрежесин бузуу факты катталды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-8-март күндөрү төмөндөгүдөй эреже бузуулар катталган:

  • Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаргандар — 44;
  • Алкоголдук ичимдик ичип рулга отургандар — 58;
  • Алдыңкы жана алдыңкы капталындагы терезелерди караңгылаткандар — 18;
  • Башка эреже бузуулар — 1 592.

Мындан сырткары, айып короого 366 автоунаа киргизилген, анын 177син эвакуатор алып кеткени белгиленет.

74
Белгилер:
Кайгуул милициясы, автоунаа, эреже, мас, айдоочу
Тема боюнча
Бишкек: мас болуп Lexus айдаган киши 24 миң сомдук айып пулга жыгылды
Жол эрежесин бузууга салынган айыптардын көлөмү кантип өзгөрдү? Инфографика
Медициналык беткаптагы балдар ойноп жатышат

COVID-19: Кытайда эпидемиологиялык кооптуулук төмөндөдү

2
Болжол менен бир ай мурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып, көрсөткүч бир топко төмөндөгөн. Бирок Цзилинь провинциясында жана Уханда кайра вирус аныкталгандар катталган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кытайдагы аймактардын баарында коронавирус боюнча эпидемиологиялык кооптуулук төмөндөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирмеге ылайык, жекшемби күнү Цзилинь шаарынын бийлиги райондордогу эпидемиологиялык кооптуулукту жогорку көрсөткүчтөн төмөнкү, ортоңкудан төмөнкү көрсөткүчтөргө ылдыйлата алышкан.

Жыйынтыгында Кытайда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу делген бир да район калган эмес.

Болжол менен бир ай мурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып, көрсөткүч бир топко төмөндөгөн. Бирок Цзилинь провинциясында жана Уханда кайра вирус аныкталгандар катталгандыктан, айрым шаарлар кайра кооптуу аймакка кирген.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

2
Белгилер:
кооптуулук, эпидемия, коронавирус, аймак, Кытай
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды
G20 өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүгө 21 миллиард доллар бөлөт
Шереметьево аэропортунда учактар. Архив

Июнь-июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдар уюштурулат

19
(жаңыланган 14:32 07.06.2020)
Элчилик Россиядагы мекендештердин учурдагы абалын эске алып, Москва шаарынын мэриясы менен Москва — Бишкек, Москва — Ош авиаяыкаттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүп жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ушул жылдын июнь-июль айларында Россиядан Кыргызстанга чартердик каттамдар уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, азыркы тапта элчилик тарабынан мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүп, Россиянын ТИМи, Росавиация, Роспотребнадзор жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

"Элчилик Россиядагы мекендештердин учурдагы абалын эске алып, Москва шаарынын мэриясы менен Москва — Бишкек, Москва — Ош авиа2каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү маселесин чечип жатат. Элчиликтин алдындагы штаб кыргызстандыктарды биринчи кезекте мекенге жиберүү, тамак-аш жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыздоо иштерин улантып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Дипөкүлчүлүк жарандарды мекенге кайтуу боюнча ар кандай ушактарга жана чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Москвадан Бишкекке 393 мекендеш учуп кеткен.

19
Белгилер:
мекендештер, каттам, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
15-июндан тарта тышкы каттамдар жанданат. Кайсы компаниялар учууга макулдук берди